Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 31.07.2019 13:50

Ак-Муздагы унаа токтоочу жайдын курулушу эмне үчүн толук бүтпөй калган?

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында муниципалитет ишканасына унаа токтоочу жай куруу үчүн 2016-жылы айылдык кеңештин депутаттары жергиликтүү бюджеттен 615 миң сом бөлүшкөн. Бирок унаа токтоочу жайдын курулушу толук бүтпөй калган.

Ак-Муз айылынын 30 жаштагы тургуну Марат Бактыгул уулу курулушту толук бүтүрүп беришсе деген оюн айтат.

«Бул унаа токтотуучу жай чала бүтүп калган, талапка жооп бербейт. Материалдары дагы начар. Азыр пайдаланылбай турат. Үстүн шамал алып кеткен. Кайрадан куруп беришсе деген ойдобуз», - деди ал.

Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Нурланбек Иса уулу: «Бөлүнгөн акча муниципалитет ишканасына которулган. Ошол кездеги муниципалитеттин жетекчиси тийиштүү документтерин толук камдабай, тендерге койбой, архитектуралык планын дайындабастан өзүм билемдик менен курган. Унаа токтотуучу жайдын документтеринде кемчиликтер көп, сапаты жагынан дагы кемчиликтер бар. Мен 2018-жылы июнь айында жумушка кирдим. Ошондо эле ал ишти Нарын облустук каржы полициясына өткөрүп бергем. Алар 2 томдук материал топтоп, ишти кыскартып коюшуптур. Мен кайра облустук прокуратурага кайрылып, алар районго берип, райондук прокуратура иш козгогон. 2019-жылдын февраль айынын аягында материал Ат-Башы РИИБге өткөрүлүп берилген. Ошондон бери Ат-Башы РИИБдин тергөөчүсүндө турат. Ушул убакытка чейин толук кандуу иш жүрбөй, тергөө иштери болбой жатат. Улам келип жетекчисине кайрылып жатам.

Негизи буга мурунку муниципалитеттин жетекчиси жооп бериши керек. Азыр ал киши бул жакта эле. Органдар аны суракка алыптыр. Мен да буга чейин келип көрсөтмө берип кеткем. Бул ишти көзөмөлдөө боюнча 11 кишиден турган комиссия түзгөм. Биздин ишти жайлатып, артка тарткан Ат-Башы РИИБ болуп жатат. 2 айда иш бүтүп калат деген, 3 айдан ашып кетти. Ушул убакытка чейин укуктук баа берилбей, чекит коюлбай жатат», - деди ал.

Нарын ОИИБдин маалыматына караганда, аталган факт боюнча тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүп, айыл өкмөт тарабынан бөлүнгөн акча курулушка туура пайдаланылгандыгы аныкталган. Бүгүнкү күндө иш райондук прокуратура тарабынан көзөмөлдөнүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×