Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 01.08.2019 16:24

Ат-Башынын бийлиги Ак-Сайдагы малчылардын абалы менен таанышты

Turmush -  Ат-Башы районунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, медициналык кызматкерлери жана айыл чарба кызматкерлери Ак-Сай өрөөнүнө барып, малчылар менен жолугуп келишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы районунун акиминин орун басары Ажар Дюшеналиева билдирди.

Анын айтымында, Ак-Сай өрөөнүндө кышкысын 107 түтүн малчылар кыштаса, жайкысын 300гө чукул малчылар жайлайт.

«Биз барганда малга карышкырлардын кол салышы, жайыт тартыштыгы, мобилдик байланыштын жоктугу, жол жана башка көйгөйлөр айтылды. Аталган жана башка маселелер буга чейин дагы көтөрүлүп келген. Айрымдары аракеттердин натыйжасында чечилген.

Маданият тармагынын кызматкерлери маанай көтөрүүчү обондорду тартуулашты. Ветеринардык дарыгерлер түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жалпы 46 түтүн эл менен жолугушуу болду», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×