Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 02.08.2019 09:23

Ат-Башыдагы Жибек-Жолунун тургундары конушка айыл макамын берүүнү суранууда

Turmush -  Ат-Башы районунун Жибек-Жолу конушунун тургундары конушка айыл макамын берүүнү суранышууда. Бирок тургун Камчыбек Кыдыралиев​ жергиликтүү бийлик элге кайдыгер мамиле жасап жатканын айтты.

«Бул айылга көңүл бурган адам жок. Айыл макамы жок болгондуктан жумуштарыбыз бүтпөй калат. Көп жылдан бери ушул маселени айтып эле келе жатабыз. Эч бир жыйынтык жок болуп жатат. Жергиликтүү бийлик ушундай маселелерди карашы керек эле», - деди ал.

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматына караганда, союз мезгилинде Жибек-Жолу конушунда кыш заводу ачылып, заводду иштеткен кызматчылар үчүн үйлөр курулган.

«Союз тарагандан кийин кыш заводу менчикке өтүп, ал эми иштеген кызматкерлер үйлөрдү менчиктештирип туруктуу жашап калышкан. Азыркы учурда бул жерде жашагандар Кара-Суу айыл өкмөтүнүн каттоосунда турат. Конуш айыл макамын алган эмес», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Бүгүнкү күндө Жибек-Жолу конушунда 22 түтүн, 105 адам жашайт. 17 окуучу Дыйкан айылындагы А.Капаров атындагы орто мектебинде билим алышат. Окуучуларды мектепке ташып келүү үчүн Кара-Суу айыл өкмөтү тарабынан автоунаа берилген.

«400 метр тереңдиктеги скважинадан түтүк тартылып, конуштун ортосунан суу чыгарылган. 1985-жылдарга чейин тургундар ошол жерден суу алып пайдаланып келишкен. Андан кийин скважинанын суу насосу күйүп кетип суу чыкпай калган. Ошол учурдан бери тургундар Ат-Башы сайынан суу алып келишет. Бул маселени чечүү боюнча быйылкы жылы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинен 400 миң сом акча каражаты каралган. Азыркы учурда скважинаны тазалап, түтүк тартып келүү үчүн тендер жарыялоого смета түзүү боюнча иштер жүрүп жатат», - деп кошумчалашты.

Ал эми Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Шекербек Каабаев Жибек-Жолу конушуна айыл макамын алууга документтерди топтоп жаткандыгын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×