Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 02.08.2019 14:13

Ак-Сай жайлоосунда ФАП курулуп жатат

Turmush -  Ат-Башынын Ак-Сай жайлоосуна ФАПтын капсуласы салынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы районунун акиминин орун басары Жумагул Тентимишов билдирди.

Анын айтымында, Ак-Сай өрөөнүндө буга чейин эле ФАП иштеп келген.

«Ак-Сай өрөөнүндө ФАПтын капсуласы салынды. Буга чейин эле ФАПтын имараты бар болчу. Бирок анын эскилиги жетип, жаңысын курууга муктаждык жаралган. Швейцариядан келген коомдук уюм каржылап жатат. Биз жер аянтын чечип бердик. Быйыл бүтүп калат. Ал жерге буюрса жайында миңден ашык малчылар, андан сырткары туристтер барат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×