Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 02.08.2019 16:24 На русском

Ат-башылык Айтунук кымыз сатып, ата-энесине күнүгө 7 миң сомго чейин киреше таап берүүдө

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын 12 жаштагы тургуну Айтунук Эмилбек кызы сезон сайын кымыз сатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Айтунук Эмилбек кызы Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинде 6-класска көчтү. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын ортончусу. Учурда мектепке кийим-кече, окуу-куралдарын даярдап жатат.

«Мен 2 айдан бери кымыз сатып жатам. Бир күндүк киреше 5000-7000 сомго чейин жетет. Көбүнчө үйдөн сатабыз, калтырбай алып кетишет. Күнүгө 50 литрден 100 литрге чейин сатылат. Ак-Сай өрөөнүнөн таякем, Чар жайлоосунан жездем салып жиберишет. Ак-Муз, Ак-Сайдын кымызы деп алып кетишет. Кымыз барда аябай тандашат, ал эми кымыз жок калганда тандабай эле ала беришет. Кымызды көбүнчө Бишкекке кетип бара жаткан адамдар алат. Азыр кымыздын баасы 50 сомдон болууда, башында 130 сомдон башталган. Эми 45 сомго чейин түшөт. Өзүм кымыз сатып жатып эле күнүгө 1 литр кымызды ичип коем. Эң башкысы көңүл менен сатуу керек. Негизи карызга бербейм, тааныгандарга гана карызга сатам», - деди ал.

Окуучу келечекте милиция кызматкери болгусу келет.

«Мектепте жакшы окуйм. Келечекте милиция кызматкери болгум келет. Адамдардын укуктарын коргоп, чечилбеген маселелерди чечким келет. Амир деген бөбөгүм быйыл мектепке барат, ага окуганды үйрөтүп жатам», - деди Айтунук.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×