Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 09.08.2019 15:56

Ат-Башыда Курман айт майрамына карата жакыр үй-бүлөлөргө жардам берилди

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районунда Курман айт майрамына карата жакыр үй-бүлөлөргө жардам берилди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, Ат-Башы районуна караштуу Калинин айылынын аймактык инспектору, милициянын ага лейтенанты Бакыт Токтобек уулу жана айылдын социалдык кызматкери Гүлназ Шералиева жакыр жашаган үй-бүлөлөргө жардам катары азык-түлүк, мектеп курагындагы балдарга окуу куралдарын алып беришти.

Мындан сырткары, «Ат-Башы» базарында иштеген ишкерлер демөөрчү болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×