Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 13.08.2019 10:52 На русском

«Аялдын азгырыгы жаман экен, жолдошум башка аял алып...»: 5 баланы жалгыз тарбиялаган ырчы айым (сүрөт)

Ырысгүл Тойтикеева
Ырысгүл Тойтикеева

Turmush -  Маданият чөйрөсүндө эмгектенип, чыгармачылык менен алектенип жаткан Ырысгүл Тойтикеева 5 баланы жалгыз тарбиялап келет. Жашоодон катуу сокку жегенин айткан Ы.Тойтикеева адам баласы биринчи кезекте өзүн-өзү сүйүшү керек экендигин айтат. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Ырысгүл Тойтикеева 1980-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында туулган. Учурда Ат-Башы райондук маданият үйүндө эмгектенет.

Ала качуу

Мектепти аяктагандан кийин эле ала качуунун курмандыгы болуп калдым десем жаңылышпайм. Биздин убакта ала качып баргандан кийин кетип калуу, өз үйүнө кайра баруу өтө уят нерсе болчу. Ал кезде мен 17 жашта экенмин. Мен деле башка кыздардай жакшы окугам, активист болгом, бирок эмне себептен жогорку окуу жайда окубашым керек деп өкүнчүмүн. Азыр 5 баламдын татыктуу энесимин. Балдарым турганда өкүнбөй калдым. Жолдошум менен 19 жыл жашадым. 2017-жылы расмий түрдө ажыраштык. Андан кийин максат коё баштадым. Буга чейин майда-чүйдө окууларда окудум. Ашпозчунун окуусун окуп, сертификат алдым. Балдарым үчүн аракет кылдым. Жашоо экен, башымдан көптөгөн жаман нерселер өттү. Жашоодо ажырашуу катуу сокку болот экен десем жаңылбайм. Мурда «адамдар эмне себептен ажырашат болду экен?» деп ойлочумун. Бирок ар кандай себептер болот экен.

Адамдын көңүлү — гүл

2 уулум, 3 кызым бар. Улуу балам 20 жашта, кичүүсү 6 жашта. Мурда жолдошум үчүн жашап келиптирмин. Жолдошумду кудайдан кийинки эң жакын адамым деп ойлочумун. Бирок жашоодо өйдө-төмөн болот тура. Азыр өзүмдү сүйүп жашап калдым. Жолдошум 5 маал намаз окучу, ажылыкка барып келген. Ал менден 6 жаш улуу болчу. Аялдын азгырыгы жаман экен, ажылыкка барып келгенден кийин башка аял алып алды. Аны деле көз жумду кылып койдум. Эл «эмнеге мындай болду?» деп сурайт. Ичимден күйүп-бышып турсам дагы, сыртымдан сыр бербедим. Андан кийин эле ал аялын кетирип, кайра башка аял алды. Өзүнчө бөлүнүп жашап кетти. Үйдү экөөбүз балдар кичинекей кезинде курганбыз, ошол үйдө кала бердим. Эне сүтү оозумдан кете элек кезде ошол адамдын көзү менен тең айланып жашадым, бирок аны билген жок. Бул жашоодо адам баласы бирөөнү катуу сүйбөшү керек экен жана бирөөгө душман болбошу керек экен. Адамдын көңүлү — гүл экен. Ажайып турган гүлдү үзүп алсак, ал соолуп жок болот, чирийт. Ошону түшүндүм. Кийин жолдошум кечирим сурап келген учурлар болду. Бирок кечире алган жокмун. Себеби жүрөгүм ташка айланып калган. Ошол жылдар мен үчүн өтө оор мезгил болду.

Ырчы айым

Азыр 5 балам тең колумда. Пландарым көп, артка жол жок. Бир гана алдыга кадам таштап келе жатам. Өткөн нерселерге өкүнбөш керек экен. Азыр балдарымды багууга туугандарым жардам берет. 3 эжем, 3 агам бар. Эжелеримдин салымы чоң. Кудайым деле калыстык кылып жатат окшойт. Азыр кудайга шүгүр, баары өз орду менен келе жатат.

Маданият чөйрөсүнө 2019-жылдын апрель айынан баштап аралашып калдым. Буга чейин сахна деген оңой нерсе деп ойлочумун. Бирок сахнага чыкканда элдин жүзү болот экенсиң. Сахнада өзүңдү кандай алып жүрүү керек экенин билип, жан дүйнөң менен берилип ырдаш керек экен. Көрсө сахнанын өзүнчө орду бар, ыйык чөйрө экен. Учурда 3 ыр даярдап жатам. Комуз черткенди үйрөнүшүм керек. Туугандарым чыгармачыл адамдар. Маданият чөйрөсүнө келип калганымдын себеби дагы ушул болуш керек. Каражатты үнөмдөп, сахнага кийип чыкчу кийимдеримди өзүм тигем.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×