Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 13.08.2019 12:04 На русском

«Сөөк жаңыртып үйлөнүп калдык»: Ат-башылык таяке-жээн жубайлар (сүрөт)

Кадырбек Ашыркожоев жана Сайкал Зарлыкова
Кадырбек Ашыркожоев жана Сайкал Зарлыкова

Turmush -  Ат-Башы районунун тургундары — жубайлар Кадырбек Ашыркожоев жана Сайкал Зарлыкова бири-бирине таяке-жээн болушат. Алар 38 жыл бирге түтүн булатып, 2 уул, 5 кыз, 13 неберелүү болушту. Учурда мал чарбасы менен алек. Жубайлар менен аймактык кабарчы таанышты.

Кадырбек Ашыркожоев 1959-жылы Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында туулган. Бала кезинен эле мал чарбага аралашып, мектепти аяктагандан кийин колхоздун малын баккан.

«СССР тараганга чейин колхоздун малын бактык. Андан кийин дыйкан чарба болуп түзүлүп, эмгектенип жатабыз. Кемпирим экөөбүз 1981-жылы баш кошконбуз. Мал менен алекпиз. Айылда уулубуз бар. 1 балабыз үйлөнө элек, калганы үйлүү-жайлуу.

Кемпирим экөөбүз таяке-жээнбиз. Сөөк жаңыртып эле үйлөнүп калдык. Мен кемпиримдин жээни болом.

Үй-бүлөнү сакташ үчүн сабырдуулук керек. Жубайлар бири-биринин сөзүн көтөрүп, туура жолдо жүрүш керек. Ошондо үй-бүлө ынтымактуу болот. Майда-чүйдө нерсеге кызганыч болбошу керек», - дейт Кадырбек ата.

Сайкал Зарлыкова дагы 1963-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Нарын шаарындагы №87 кесиптик окуу жайды бүтүргөн. Жолдошуна 17 жашында турмушка (18 жашка толо электе) чыккан.

«Чоң атам менен жолдошумдун атасы бири-бирине жээн-таяке болушат экен. Алар сөөк жаңыртабыз дешип, мени турмушка беришкен. Ата-энем кичинекей кезимде эрте каза болуп калган. Барган жерим жакшы болду. Чоң атам мени “ыйлабаган жерге берем” деп турмушка узаткан. Аны сыйлап, макул болгом. Кайын атабыз Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери болчу, 96 жашында көз жумду.

Үй-бүлөнү сакташ үчүн ата-эненин кадырын түшүрбөй, кыз дагы, бала дагы эки жакты тең ойлошу керек. Аял киши көп ажылдай берсек дагы баркыбыз кетет. “Сабырдын түбү сары алтын” дегендей аял киши сабырдуу болсо, баары жакшы болот. Азыркы жаштардын сабыры жок. Ошондуктан ажырашуу көп болуп жатат деп ойлойм. Бизди жолдошубуз уруп койсо деле жүрө берчүбүз. "Кетет" деген, "кыз күйөөдөн чыгып келди" деген уят болчу», - дейт Сайкал апа.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×