Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 14.08.2019 12:01

Ат-Башынын Ак-Муз айылында футбол аянтчасынын курулушу аяктап калды

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылындагы футбол аянтчасынын курулуш иштеринин 90 пайызы бүткөрүлдү.

Бригадир Дүйшөнбек Капатовдун айтымында, буга чейин айылда футбол аянтчасы болгон эмес.

«Айылыбызда алгачкы ирет футбол аянтчасы салынып, эртең анын ачылышы болот. Аба ырайы өзгөрүп, жамгыр жааганына карабай иштеп жатабыз. Бул аянтча айылыбыздын жеке ишкери тарабынан курулуп жатат. Биздин айылда спорт комплекси жок. Буюрса алдыда комплекс да курулат деген ойдобуз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×