Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 17.08.2019 22:00 На русском

«Өлүп калсам мунун баары эмне болот дейм»: Түнкүсүн ыр жазган «бизнесвумен» Г.Сыдыкова​ 

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылынын тургуну Гүлгаакы Сыдыкова​ бала кезинен бери ыр жазат. Көкүрөгү кайнап турган жазмакер менен аймактык кабарчы таанышты.

Гүлгаакы Сыдыкова таенесинин колунда чоңойуп, андан уламыш, илгерки окуяларды угуп жүрүп акындык таланты ачылган. Акын жаратылышка суктанып, ыр жазууга шык алса, адамдардын ортосундагы мамиле, турмуштагы окуялар анын көкүрөгүн кайнатып ыр жазууга мажбур кылат. Акындык өнөрдөн сырткары ал айылда чакан цех иштетип, 2 келинди иш менен камсыз кылып келет.

«Мен бала кезимден айылдык жигитке турмушка чыккым келчү. Айылда жашоону эңсечүмүн. Ошол кыял орундалып, Ача-Кайыңды айылына келин болдум. Азыр ушул эле айылда аялдар кеңешинин төрайымы болгом, андан сырткары ар кандай иш-чара, семинар, тренингдерде катышып жүрөм. Тигүүчү цехте 2 келинди иш менен камсыз кылабыз. Алардын иштегенине жараша айлык чыгат», - деди ал.

Гүлгаакы Сыдыкова бир жылда бир жолу кайрымдуулук ишин уюштуруп келет.

«Баш-Кайыңды айылында таенемдин колунда чоңойдум. Ал отуруп алып илгерки​ окуяларды​ айтчу. Ошолорду угуп, жүрөгүмө чукул кабыл алчумун. Кичинекей кезимден баштап эле ыр жазып баштадым. Ырды буйрутма менен жаза албайм, жан дүйнөмдөн өзү чыгат. Кээ бирде туталанам, көкүрөгүмдөн бир нерсе чыкпай аябай кыйналам. Ошол убакта ыр жазам же өзүмчө букулдап ыйлайм. Ата-энеси мигрант болуп кетип кароосуз калган балдарды, алсызды алдуусу кордогон окуяларды угуп алып көкүрөгүм кайнап чыгат. Бир туугандарым, балдарым сыналгы көрбөңүз деп урушат. Көбүнчө балдарга, жаратылышка, жада калса куурап калган бакка дагы кайгырам. Тасманын аягы бүтпөй калса дагы​ сарсанаа боло берем», - деди ал.

Ага эргүү түн ичинде келет.

«Эргүү түн ичинде бала-чакамдын баары уктап жатканда келет. Көпкө ойлоном, өлүп калсам ушунун баары калып калса эмне болот дейм. Ыйлагым келет, андан кийин ыр жазып баштайм. Көңүлдүү ыр жазганга аракет кылам, бирок эмнегедир кайгыга бурулуп кетет. Ырларды жазып бүткөндөн кийин көкүрөктөгү оор нерселерим чыгып «өх» деп калам. Эң биринчи жазган ырым «Чалкан» деген журналга чыккан. Азыр ырларым жергиликтүү гезиттерге чыгып турат.​ Ыр жазууга мага таенем шык берчү.​ Азыр жаратылыш, адамдардын мүнөздөрү​, ичке толгон буктар шыктандырат. Айыл ичинде аябай көп таланттар бар. Айткандан уялышат. Мурда мен дагы ырларымды катып жүрчүмүн. Жолдошум блокнотумду таап алып, ыр жызып жүргөнүмдү билип калган», - деди ал.

Гүлгаакы Сыдыкова​ 1970-жылы 5-мартта Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Коюн айыл аймагында туулган. Нарын медициналык училищада окуп, 2 жыл райондук ооруканасында медайым болуп иштеген. Кийин айлыктын аздыгынан ишкерликке өткөн. Учурда анын 4 уулу, 1 кызы, 2 небереси бар.

Мен өчкөндө көктөмдөгү гүл калаар,
Бала кезде жытын искеп ойногон.
Нан бышырып, баткак жууруп кол жууган,
Мөлтүр булак суунун жээгин бойлогон.

Мен кеткенде жарыкчылык дүйнөдөн,
Куран окуп балдар тураар эскерип.
Убакыттар учкан сайын закымдап,
Мен да калам эскиргенде унутулуп.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×