Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 09.09.2019 13:21

Баткенди кыдырган нарындыктар. Сүрөт

Turmush -  Нарындыктар 5 күн Баткен облусун кыдырышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы айылынын жергиликтүү депутаты Жыргал Акбаева билдирди.

«Нарын облусунан 31 адамдан турган делегация Баткен облусуна бардык. «Ынтымак кербенинин» максаты — тажрыйба алмашуу. Делегациянын курамына мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештин депутаттары, жаштар уюмдарынын башчылары киришти. Бизди өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Касен Азизович жетектеп барды.

Биринчи бизди Кызыл-Кыядан тосуп алышты. Бардык жерди кыдырдык. Чек арага чейин барып келдик. Элдери аябай эмгекчил, сыйчыл, меймандос болушат экен. Жер-жемиш бышып, төгүлүп турган убагы экен. Бизди аябай жакшы кабыл алышты. Дубан башчысы баш болуп жана башка жетекчилер жакшы тосушту. Сыймыктанганыбыз — Т.Усубалиевдин сүрөтү бардык региондордо илинип туруптур», - деди ал.

Облустар арасында өтүүчү «Ынтымак кербени» иш-чарасы 29-августта Баткенден башталган.

Долбоордун алкагында Баткенге Нарын облусунун делегациясы барып, Баткен облусунун бардык район-шаарларында болушту. Алар облустун социалдык-экономикалык абалы жана маданий жайлары менен таанышып чыгышты.

«Ынтымак кербени» Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында ишке ашырылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×