Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 17.09.2019 12:15 На русском

Ат-Башыда түн бир оокумда эркек кишинин жансыз денеси табылды. Сүрөт

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында адамдын жансыз денеси табылды. Бул кабарды Turmush басылмасынын кабарчысына Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылынын 1977-жылы туулган тургуну Т.Э. 14-сентябрга караган түнү саат 02:35 чамасында өзүнө тиешелүү «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаасы менен Ак-Сай өрөөнүнөн мал жүктөп келе жаткан. Ак-Муз айылынын күн чыгыш тарабынан, тактап айтканда айылга 300 метрдей жетпеген аймактагы жолдун оң жак тарабынан кишинин жансыз денесин көргөн. Ал бул окуяны дароо Ат-Башы РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө билдирген.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барды. Маркумдун өздүгүн аныктоо үчүн ыкчам иликтөө иштери жүрүп, ал Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну Т.М. экени аныкталган.

Бул факт Жазык кодексинин 297-беренеси (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү Ат-Башы РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалган. 16-сентябрда Нарын шаардык соту бөгөт коюу чарасын карап, шектүү үй камагына чыгарылган.

Азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×