Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 18.09.2019 14:20

Ат-Башыда майрам күнү жоголгон тургун изделүүдө

Turmush -  Ат-Башы районунда 1942-жылы туулган тургун изделүүдө. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 10-сентябрь күнү милиция кызматкерлерине Ат-Башы районунун Ак-Жар айылынын тургуну Д.М. кайрылып, 31-августта саат 10:30 чамасында апасы — Ак-Жар айылынын 1942-жылы туулган тургуну Бурул Шергазиева үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгондугун билдирген.

«Мен Ак-Жар айылынын тургунумун. Апам үйдө жалгыз болгондуктан жаныма алып карап жаткам. Ал "үйдө кечке отурсам бутум ооруйт. Андан көрө сыртка чыгып басып келейин" деп, күнүгө эртең мененки саат 10:00дө кетип, үйгө түштө, кээ бир убакта кечки саат 16:00-17:00дө келчү. 31-август күнү аталган саатта үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген жок. Ошол күнү бардык туугандарга, тааныштарга телефон чалып, бир жума өзүм издөө салдым. 10-август күнү Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылдык», - деди кызы.

Өзгөчө белгилери: боюнун узундугу 160 см, бет түзүлүшү сүйрү, чап жаак, чачы кыска.
Кийген кийимдери: ак гүлдүү жоолук, кызыл түстөгү жемпир, кара сызыктары бар көйнөк, маасы менен көлөч.

Бурул Шергазиева тууралуу кабары барлар 03534 23-2-83, 0702 22 74 74 номурларына чала алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×