Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 19.09.2019 10:13

Ат-Башыда 20 күн мурда жоголгон 77 жаштагы апа табылбай жатат

Turmush -  Ат-Башы районунун Ак-Жар айылынын 77 жаштагы тургуну Б.Шергазиева бир нече күндөн берип дайынсыз болуп, табылбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, куткаруучуларга аталган адам 31-август күнү жоголгону тууралуу маалымат 17-сентябрда түшкөн. Издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМден 18 куткаруучу тартылып, издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, саат 20:00дө токтотулган. Натыйжа болгон жок. Издөө иштери бүгүн да улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×