Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 19.09.2019 12:44

Ат-Башыда милициянын ардагерлери медициналык кароодон өтүштү

Turmush -  Нарында милициянын ардагерлери медициналык кароодон өтүүдө. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Нарын ОИИБдин медицина кызматкерлеринин атайын иш-планынын негизинде жана ИИМдин атайын буйругунун талаптарын аткаруу максатында, бул жолу Ат-Башыдагы ардагерлер текшерилди.

Медициналык кароодо кан басымы жогору болгон, кант диабети жана муун оорулары менен жабыркагандар басымдуулук кылды. Ардагерлер кылдаттык менен текшерүүдөн өтүшүп, ошол эле учурда керектүү дарылар менен камсыз болушту. Кээ бир ардагерлердин ооруларын так далилдөө үчүн тиешелүү медицина бөлүмдөрүнө жолдомо берилди. Ошондой эле инсульт оорусуна кабылган ардагерлердин абалын билишти.

Нарын ОИИБде ардаргерлер үчүн күндүзгү стационардык бөлүм ачылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×