Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 19.09.2019 12:57

Ат-Башыда майрам күнү жоголгон аялды издөөгө элдик кошуундар тартылды

Turmush -  Ат-Башы районунда 1942-жылы туулган тургунду издөө иштери улантылууда.

Издөө иштерине Ат-Башы РИИБдин кызматкерлери, ӨКМдин Ат-Башы районундагы кызматкерлери, элдик кошуундар тартылды.

Маалым болгондой, 10-сентябрь күнү милиция кызматкерлерине Ат-Башы районунун Ак-Жар айылынын тургуну Д.М. кайрылып, 31-августта саат 10:30 чамасында апасы — Ак-Жар айылынын 1942-жылы туулган тургуну Бурул Шергазиева үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгондугун билдирген.

«Мен Ак-Жар айылынын тургунумун. Апам үйдө жалгыз болгондуктан жаныма алып карап жаткам. Ал: "Үйдө кечке отурсам бутум ооруйт. Андан көрө сыртка чыгып басып келейин" деп, күнүгө эртең мененки саат 10:00дө кетип, үйгө түштө, кээ бир убакта кечки саат 16:00-17:00 чамасында келчү. 31-август күнү ушундай убакта үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген жок. Ошол күнү бардык туугандарга, тааныштарга телефон чалып, бир жума өзүм издедим. 10-август күнү Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылдык», - деди кызы.

Өзгөчө белгилери: боюнун узундугу 160 см чамалуу, бет түзүлүшү сүйрү, чап жаак, чачы кыска.

Кийген кийимдери: ак гүлдүү жоолук, кызыл түстөгү жемпир, кара сызыктары бар көйнөк, маасы менен көлөч.

Бурул Шергазиева тууралуу кабары барлар 03534 23-2-83, 0702 22 74 74 номурлары аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×