Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 24.09.2019 08:00

Ат-Башынын милициясында иштеген Б.Жумакунова бош убактысында базарда пирожки сатат

Turmush -  Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын тургуну Бурул Жумакунова Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүндө кенже кызматкер болуп эмгектенет. Жумуштан тышкары базарга чыгып, пирожки жана башка майда-чүйдө сатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Бурул Жумакунова 1958-жылы Ат-Башы районуна караштуу Талды-Суу айылында туулган. Мектепти аяктаган соң Кара-Суу айылына келин болуп барган. Анын 2 кыз, 2 эркек баласы бар.

«Насыя алгам. Аны пенсиям менен жабам. Мындан тышкары неберемдин окуусуна, тамак-ашка жана башка керектүүлөргө бир топ каражат кетет. Ал үчүн базарда соода кылам. 1983-жылдан бери Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүндө кенже кызматкер (пол жуугуч) болуп эмгектенем. Ага чейин акимчиликте 6 жыл иштедим. Айлыгым 3000 сом, пенсиям 6200 сом. Базардан 1000 сом табам. Өзүм жалгыз бой аялмын. Пенсионерлердин жашоосу ушундай. Чындыгында пенсия аз. Ал жетпейт. Жетсе үйдө эле отурмакмын. Өкмөт пенсиябызды көбөйтүп берип койсо жакшы болмок. Жылда аз-аздан көбөйөт. 5 сом кошулса дагы ошону кадимкидей күтөбүз», - деди ал.

Бурул Жумакунова: «Азыр элдин жашоосу начар. Базарга чыгууга шарттары жоктор дагы бар. Балдарын кийинте албай калгандар бар. Айрымдар балдарын окуудан калтырып, күздө картошка терүүгө жиберишет. Балдары тапкан каражатка кайра эле өздөрүнүн бутун бүтөшөт. Андан кийин мектепке жиберишет. Сыртка чыгып, иштеп келсемби деген ой бар. Бирок жашым өтүп калды», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×