Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 24.09.2019 11:15

Ат-Башы районунда Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Turmush -  Ат-Башы районунда Мамлекеттик тил күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы районунун акиминин орун басары Ажар Дюшеналиева билдирди.

Ат-Башы районунда билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин, мугалим жана окуучулардын катышуусунда семинар өткөрүлдү.

«Ой-Терскен орто мектебинде «Улут болсом, тилим менен улутмун» деген аталышта семинар өткөрүлдү. Мындан сырткары Т.Усубалиевдин 100 жылдыгына карата иш-чара уюштурулуп, темага ылайыкташтырылган сабактар, адабий кечелер өткөрүлдү», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×