Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 24.09.2019 13:05

Менден картаң көрүнгөн окуучуларым менен жолукканда ыйлагым келет, - Ардагер мугалим Ф.Шадыбекова

Фатима Шадыбекова
Фатима Шадыбекова

Turmush -  74 жаштагы Фатима Шадыбекова көп жыл мугалим болуп иштеген. Анын айтымында, алгачкы окуучулары 67 жашка чыгып калды.

Фатима Шадыбекова 1946-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында туулган. Мектепти бүтүп, Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1970-жылы Ат-Башы районундагы мектептен баштаган. Жалпы 30 жыл мугалим болуп иштеп, анын ичинен 17 жыл Ат-Башы айылындагы Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебинин директору болуп эмгектенген. Учурда 3 кыз, 2 уулу, 6 небереси бар.

«Эл агартуунун отличниги», «Маданияттын мыкты кызматкери», «КРдин ардактуу айымы», «Нарын облусунун ардактуу атуулу», «Ат-Башы айылынын ардактуу атуулу», Аялдар кеңеши тарабынан «Кылым айымы», «Жылдын мыкты айымы» аттуу наамдарды алган.

Тарых факультетине атам тапшырткан

- 1970-жылы Кара-Суу айылында, 1971-жылы Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинде, андан соң 2 жыл райондук билим берүү бөлүмүндө инспектор болуп иштеп, өз каалоом менен №1 орто мектепте 15 жыл директор болуп иштедим. Ага чейин тарых сабагынан мугалим болуп эмгектенгем.

Жогорку окуу жайын аяктагандан кийин педагогикадан алыстап кетпей, өзүмдүн болгон күчүмдү, билимимди жаштарга арнап келе жатам. Мугалимдик кесибим менен сыймыктанам. Атам Чоробай Шадыбеков «жалгыз кызым элди башкарса, чоң кызматтарда иштесе» деген максат менен тарых факультетинен окуткан.

Биринчи окуучуларым 67 жашка чыгышты

- Көчөгө чыксам эле окуучуларыма жолугам. Алардын арасында менден да картайып кеткендер бар. Турмуш адамды ар кандай кылат экен. Ошол окуучуларым эжеке деп бетимден өөп учурашса, ушунчалык сыймыктанам. Кээде жүрөгүм опкоолжуп, ыйлагым келип кетет. «Окуучум ушундай болуп калдыбы?» деген ойлор кетет.

Менин биринчи бүтүрүүчүлөрүм мектепти бүткөндүгүнүн 50 жылдыгына чакырган. Азыр ошол балдарым 67 жашка чыгышты. Алар дайыма ал-ахыбалымды сурап турушат. «Эже сиз баягыдай эле жашсыз» дешет. Ушул сөздөн энергия алып, көпкө чейин өзүмдү жаш сезип калам.

Мугалим бала менен көп иштеши керек

- Пенсияга чыгып кеткениме эле 25 жыл болду. Илгерки билим берүү системасы жакшы эле. Талап күчтүү болчу. Мисалы, Ат-Башыдагы кыргыз мектепте 300дөн ашуун бала окуйт деп жатышат. Биздин учурда бир мектепте 2016 бала 3 нөөмөт менен окуп, аларга 103 мугалим билим берчү. Жаңы окуу жылына карата мектептин майда-чүйдөсү текшерилчү. Ошого жараша мектептин директор, мугалимдерине баа берилчү. Талап күчтүү болсо, окуучу дагы, мугалим дагы ошончолук күчтүү болот. Азыркы мугалимдер таарынбасын. Кээ бир мугалимдердин билим берүүсү жакшы эмес. Неберелерим окуйт, ошолордон эле билем. Кээде мугалимдерине, директоруна барып жолуксамбы дейм. Бирок «карыганда бул киши эмнеге чуркап жүрөт?» деп ойлобосун дейм.

Окуучулар үчүн телефон абдан чоң маселе. Бала сабак билбей калса, телефондон көчүрүп жазып алат экен. Мугалимдердин көпчүлүгү «үйүңөрдөн бул беттен тиги бетке чейин көчүрүп жазып келгиле» деп коет экен. Ал эми окуучу эмнени көчүрүп жатканын ойлоп дагы койгон жок. Мына мен ушуга нааразымын. Мугалим бала менен көп иштеши керек.

Берилип иштеген мугалимдер аз

- Окуучулардын жакшы окубай жатканына мугалимдер дагы күнөөлүү. Балдар менен берилип иштеген мугалимдер аз. Ошондой мугалимдер көп болсо, бала сабак окуйт деп ойлойм.

Мугалимдердин көпчүлүгү жогорку окуу жайында дагы жакшы билим алган эмес. Бул биринчиси. Экинчиси, мугалимдердин айлыгы аз. Ал эч нерсеге жетпейт. Андан сырткары терең билим бербеген мугалимдер көбөйүп кетти. Директорлор дагы мени кечирип койсун, 6-7-5 саат менен кызматка алып коюшат. Мугалим 5 сааттык сабакка эч качан даярданбайт. Илгери 18 саат менен жумушка алынчу. Андан ылдый алууга акы жок болчу.

Мен иштеп жүргөндө мугалимдерге: «Өзүңөрдүн укугуңарды билип жүргүлө. Билим берүү бөлүмүнөн, министрликтен киши келсе, алар силерден уруксат сурамайынча сабагыңарга киргизбегиле» дечүмүн. Кээде мен ошол укукту бузуп, коңгуроо болгондо балдар менен кошо класска кирип отуруп алчумун. Ошондо мугалим өзүн жоготуп, эмне кыларын билбей калчу.

Бир жолу бир мугалимдин сабагына кирип, отуруп алдым. Ал деле сабагына даярданбай келген окшойт. Балдар «бүгүн кыргыз тил сабагын өтөбүзбү же кыргыз адабият сабагын өтөбүзбү?» деп сурашты. Анда мугалим «жок балдар кыргыз адабиятын өтөбүз» деди. «Манас» эпосун өтүп баштады.

«Манасты тууганда» деп түшүндүрүп жатты. Мен сабактан чыгып алып, «Манас төрөлгөндө деп айтсаң болбойбу?» деп айттым. Андан кийин эле ошол мугалим мектепке келген жок. Азыр Чүйдө иштеп жатат. Мугалим болуу үчүн эң биринчиден өзүңдү алып жүргөндү билишиң керек.

«Арууке» апалар тобун түздүм

- 2006-жылы «Эр айым» аялдар коомдук бирикмеси деп түзүлгөн. Аны Ракыя Жусупова түзгөн. «Эр айымдын» концепциясында маданиятты көтөрүү, кыргыз тилин, каада-салт, үрп-адатты элге жайылтып, алып чыгуу деп жазылган. Ошол аркылуу Ат-Башы районунда 22 топ түзгөм. Ошолордун баарында маданият деген бөлүм бар. Бири-бири менен катышып, бири-биринин тоюнда ырдап жүрүшүп эле аралашып калышкан. 2008-жылы аларды бириктирип, «Арууке» апалар тобу деп атагам. Башында 17 адам болчу. Кийин турмуш шартына байланыштуу 12 адам гана калды. Азыр дагы жөн турбай, 75 жылдыгыма карата «Кошой» деген топту түзсөмбү деп жатам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×