Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 24.09.2019 13:57

Ат-Башынын Кара-Суу айылындагы мечитке жуунуучу жай жана даараткана курулуп жатат

Turmush -  Ат-Башы районунун Кара-Суу айылынын мечитине суу киргизилип, жуунуучу жай жана даараткана куруу иштери башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты Жаныбек Иманкулов билдирди.

Анын айтымында, бул иштерди 1983-жылкы тургундар мектепти бүткөндүгүнүн 20 жылдыгына карата жасап жатышат. Долбоордун баасы — 300 миң сом.

«Мечитке жуунуучу жай жана даараткана курулуп жатат. Ичине жылуулук системасын киргизет экен. Быйыл дубалын көтөрүп, чатырын жаап коюшту. Ушуну менен жумуш токтоду. Эмдиги жылы 20-июнда 20 жылдыгы өтөт экен. Ошол убакытка чейин бүтүрөбүз деп жатышат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×