Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 24.09.2019 14:14

Улуттук көчмөндөр оюндары: Ат-Башынын уздары баш байгени жеңип алышты

Turmush -  Улуттук көчмөндөр оюндарында Ат-Башы районунун уздары кол өнөрчүлүк боюнча сынакта баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы районунун акиминин орун басары Ажар Дюшеналиева билдирди.

Анын айтымында, Талас облусунда өткөрүлгөн Улуттук көчмөндөр оюндарына Ат-Башы району боюнча 17 кол өнөрчү барган.

«Мурда фестивалдарга, сынактарга катышып, орун алып жүргөндөрдү эмес, эл арасында билинбей жүргөн таланттарды алып бардык. Мисалы, райондук үй-бүлөлүк медицина борборунан кызматкерлер, Ой-Терскен орто мектебинен 2 кенже кызматкер барышты. Жасаган буюмдарын көрсөң укмуш.

Жыйынтыгында 1-орунду камсыз кылып, 50 миң сом акчалай сыйлык менен сыйландык. Улуттук саркеч кийимдер боюнча сынакта Нарын шаары 2-орунду, боз үйдүн ички жасалгаланышы боюнча Нарын району 3-орунду алды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×