Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 25.09.2019 10:42

Ат-Башыда дайынсыз жоголгон 77 жаштагы аял изделүүдө

Ат-Башы району
Ат-Башы району

Turmush -  Ат-Башы районунда дайынсыз болуп жаткан 77 жаштагы аялды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы 25-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, ӨКМге 31-август күнү Ак-Жар айылынын 1942-жылы туулган тургуну Ш.Б. дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат 17-сентябрь күнү түшкөн. 24-сентябрь күнү издөө иш-чаралары улантылып, ӨКМден 5 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 2 адам тартылып, саат 20:00дө издөө иштери убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес.

Издөө иш-чаралары 25-сентябрь күнү улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×