Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 25.09.2019 16:18

Элет көйгөйү: Ат-башылыктар картошканын арзан болуп жатканына нааразы

Turmush -  Ат-башылыктар картошканын арзан болуп жатканына нааразы. Алар баасын көтөрүп берүүнү өкмөттөн суранышууда.

Тургундардын айтымында, өткөн жылы картошкалар жерге төгүлүп, элдин эмгеги текке кеткен.

Тоту Жуманазарова Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургуну. Анын айтымында, өткөн жылы картошканын баасы 1 сом 05 тыйындан болгон.

20190925_144628

«Быйыл картошка 10 сом болду дегенде эл сүйүндү эле. Андан кийин 5 сомго түштү дегенде баарыбыз ыйладык. Жок дегенде жогорку жак элдин эмгегин баалап, 9-10 сомго чыгарып койсо жакшы болор эле. Азыр элдин бирөөндө бар болсо, айрымдарында жок жашоо болуп жатат. Ат-Башы акимчилигинде иштеп жаткандардан деле пайда жок. Айткан менен колунан келбей жатат», - деди ал.

Ат-Башы районунун тургуну Нурлан Керимкулов: «Элдин көбү картошка айдап жан багышат. Быйыл дагы былтыркыдай арзан болсо, анда үмүт өчөт. Өкмөт жок дегенде ушул маселени карап беришсе жакшы болор эле», - деди.

Тема боюнча: Элет көйгөйү: Таштандыга төгүлгөн картошкалар же эмгеги талаага кеткен дыйкандар

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×