Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 25.09.2019 17:01

Ат-башылыктар облус башчысы менен жолукканда кайсы көйгөйлөрдү көтөрүштү?

Turmush -  Бүгүн, 25-сентябрда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов иш сапары менен Ат-Башы районуна келди.

Алгач Ат-Башы районундагы ишканалардын иши менен таанышты. Эки ишкана Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата чакан жана орто ишкердикти колдоо максатында өкмөт тарабынан өткөрүлүп жаткан сынакка катышып жатат. Бул сынакка ар бир облустан мыкты делген долбоорлор сунушталат. Нарындан беш долбоор катышууда. Сынакка өкмөт 2 млрд сом бөлгөн.

Андан соң дубан жетекчиси райондогу Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды, Талды-Суу, Ак-Муз жана Ак-Моюн айыл аймактарынын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту. Жолугушууда көмүр тартуу иштери кечеңдеп жатканы, Ат-Башы районунда курулуучу логистикалык борбор, жол, спорт комплекстин абалы тууралуу айтылды.

Облус башчысы Эмилбек Алымкулов көйгөйлөрдү угуп, Кара-Кече жана Турук кендерине барганын, бюджеттик мекемелерге көмүр тартылып бүтүп калганын, ал эми элге акырындан келе баштаганын айтты. Жыл сайын айыл аймактардын жолдору оңдолуп, шагылдар төгүлүп, ички жолдор асфальтталып жатканын билдирди. Ал эми спорт комплексин оңдоп-түзөө иштерине 22 млн сомдук тендер жарыяланып, аны бир курулуш компаниясы утканын, иштер жакынкы күндөрү баштала турганын белгиледи.

Кийинки жолугушуу Казыбек айылында болду. Эмилбек Алымкулов мектептин, бала бакчанын, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараттарын карап чыгып, кышка даярдыгын текшерди. Аталган мекемелердин ичинен билим уясындагы ар бир бөлмөгө видеокамера орнотулгандыгы, заманбап компьютер менен камсыз болгону мактоого татырын баса белгиледи.

Айылга көмүр сакталуучу топ база уюшулуп, учурда 70 тонна көмүр түшүрүлгөн. Бул жерге барган дубан жетекчиси быйыл көмүрдүн тоннасын 3500 сомдон ашырбоону тапшырды. Андан соң, аталган айылдагы маданият үйүндө Ак-Талаа, Кара-Суу жана Кара-Коюн айыл аймактарынын тургундары менен жолугушту. Анда таза суу жана сугат суу маселелери, жер, жайыт көйгөйлөрү көтөрүлдү. Суроолорго жооп берип жатып облус башчысы Эмилбек Алымкулов таза суу маселесине кенен токтолду. Бул маселе өкмөткө айтылып жатканын, суу боюнча атайын агенттик түзүлгөнүн, ошол аркылуу бир топ маселелер чечилип жатканын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×