Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 26.09.2019 08:45

«Ал апанын эмчегинен зыгыр май чыгат»: Ат-башылык баатыр эненин жээн небересинин кылыгы

Turmush -  Турсунбүбү Мамбеталиева 1952-жылы Ат-Башы районунун Кара-Коюн айылында туулган. «Баатыр эне» наамын 1990-жылы 4-сентябрда алган. Анын 6 кыз, 4 уулу жана 33 небереси бар.

«Пенсиям 7525 сом. Мурда баатыр энелерге жакшы көңүл бурулчу. Жыйналыштарга алып барып сыйлыктарын беришчү. Чындыгында азыр эч нерсе жок. Жакында эле “Ардактуу асыл апа” төш белгисин беришти.

Улуу кызымдын баласын чоң апа, чоң атасы багышчу. Ал неберебиз кайсы бир жылы жай мезгилинде бизге келип калды. Анда биз Арпа жайлоосунда болчубуз. Ал жактан неберем “мен Турсунбүбү апаны таппай жүрөм. Ал апанын эмчегинен зыгыр май чыгат, эмчүмүн” деп жатпайбы. Кийин айылга көчүп келдик, кошуналар тосуп алышты. Ошондо жанагы неберем чуркап келип, “мен Турсунбүбү апамды таптым. Ал жанымда эле жүрүптүр. Мен зыгыр май чыккан эмчегин издеп жүргөм” деди. Баарыбыздын боорубуз эзилип күлдүк», - деди ал.

Анын жолун жолдоп, баатыр эне болгон кыздары да бар.

«Балдарымдын баары жашоодо өз орундарын табышты. Азыр эң кичүү уулумдун колундамын. Улуу кызым менин жолумду жолдоп, 8 балалуу болду, баатыр эне. Кийинки кызымдын 6 баласы бар.

Мал доктур болуп 15 жыл иштедим. Колхоздо ветаптекарь болуп эмгектендим. Кой туутка дагы барып жүрдүк. Союз бар кезде баары орду-орду менен болчу. Учурда небере багам, балдарга барам, эс алам. Гүл өстүргөндү жакшы көрөм. Үйдүн ичинде дагы, сыртында дагы гүл толтура. Кол өнөрчүлүк менен алектенем.

Келиндеримди аябай жакшы карайм. Өзүмдүн кызымдай көрөм. 4 келиним бар. Алар дагы “апалап” турушат. Алдыда балдарымдын балдарын багып, алардын сый-урматын көрсөм дейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×