Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 26.09.2019 09:09

Ат-Башынын Ак-Сай өрөөнүндө күпкө курулду

Turmush -  Ат-Башынын Ак-Сай өрөөнүндө 13 тонна сууну жылытууга болжолдонгон күпкө курулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Максат Кадыркулов билдирди.

Анын айтымында, Ак-Сай өрөөнүнүн Беттеш аймагындагы күпкөгө 1100-1200 кой батат.

«Ат-Башы районунун Ак-Жар айылына тиешелүү болгон Ак-Сай өрөөнүндөгү Беттеш аймагында күпкө курулду. Жергиликтүү бюджеттен 500 миң сом акча каражаты каралган, ага материалдар алынды. 10 адам куруу иштерин жүргүзүштү. Эмгек акы катары демөөрчүлөр тарабынан ун, тамак-аш майы берилди.

Сентябрь айында аткарылган ишке айыл өкмөттүн аппараты толук катышып, элдин койлорун күпкөгө салганга үлгүрдүк. Өзгөчөлүгү — көң, көмүр, жыгач, дөңгөлөк жакса болот. 13 тонна сууну жылытууга болжолдонгон. Короого 1100-1200 кой батат. Узун-туурасы 18 метрден болгон 2 короо салынды.

Кийинки жылы коңшу айылдардагы малдарды да салабыз. Күнүгө 6000 койго чейин салууга болот деп жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×