Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 26.09.2019 12:21

Баатыр эне К.Дүйшалиева согушка катышкан атасынын унутулуп калганына нааразы

Turmush -  Ат-Башы районунун 78 жаштагы тургуну, баатыр эне Кеңешбүбү Дүйшалиеванын атасы Өмөр Асанов​ Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу болгон. Бирок ал адам кийин такыр эле унутулуп калганына ичи ачышкан Кеңешбүбү апа тийиштүү органдардан атасынын сүрөтүн жана ал жөнүндө маалыматтарды таратууну суранат.

Кеңешбүбү Дүйшалиева 1941-жылы Ак-Талаа районунда туулган.​ 2011-жылы «Баатыр эне» наамын алган. Өзүнүн айтымында, мындан 6 жыл мурун атасы жөнүндө Аскер комиссариатынан кагаз алган. Бирок кийин дагы маалымат сураганда алар жооп беришкен эмес.

«Мен Асанов Өмөрдүн жалгыз кызымын. Атам 1910-жылы туулган, өзү мугалим болчу. 1942-жылы​ ​ согушка кеткен бойдон кайтып келген жок.​ Мурда согушта каза болду деп эскерип​​ турушчу. Союз тарагандан кийин эч нерсе жок, эскермек түгүл аты аталбай калды.​ ​Атам элди коргоп жүрүп каза болсо дагы​ аны эскеришпейт. 9-майда​ үй-бүлөсүн деле чакырып коюшпайт», - деди.

Ал көп жылдар соода сатык менен алек болуп иштеген.

​«6 балам,​ 13 небере, 9 чөбөрөм бар.​ Бир балам жүрөгү ооруп каза болду.​ Пенсиям 8900 сом, көзүм ооруйт. Ошол үчүн пенсияга 1000 сом кошуп беришет.​ Башка эч кандай жардам жок. Ден соолук болбогондон кийин алган пенсия эч нерсеге жетпейт экен. Пенсиямды алып, ооруканага барып турам. Көзүмдү операция жасайбыз деп жатышат.

Мектепти жалаң “5” деген баага бүттүм. Эсепти азыркыга чейин чагам. Соода-сатык боюнча училищаны, андан кийин кооперативдик техникумду бүткөм. Жаш кезимде көп жыл​ дүкөнчү болуп иштедим. Чалым шоопур болчу, 2003-жылы 63 жашында каза болду. Балдарым чоңойгончо эркектин дагы, аялдын дагы оокатын жасадым», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×