Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 26.09.2019 14:28

Ат-Башы районунда спортчулар үчүн шарттар жок, - жеңил атлетчи Таалай Исаев

Turmush -  Ат-Башы районунда спортчулар үчүн шарттар жок. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жеңил атлетчи Таалай Исаев билдирди.

Анын айтымында, Ат-Башы районунда спортчулар үчүн шарттар жок болгондуктан спортту сүйгөн жаштар өз алдынча машыгып келишет.

«Жаш спортчулар үчүн шарттар болсо жакшы болот эле. Бирок жакшы ийгиликтер болуп жатат. Машыктыруучулар, окуучулар өздөрү аракет кылып жатышат. Залдар, топ ойноочу жайлар жок десем болот. Ат-Башыда 1 газон бар, бирок мышык ыйлай турган абалда турат. Мектептин залдарын беришпейт. Ошол үчүн спортко жаңы баш баккан жаштар кайра кетип калышат. Аракети барлар кызыгып эле жатышат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×