Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 26.09.2019 15:39

«Көрүнгөн жердин баары булганды»: Ат-Башыдагы 6 үй-бүлө даараткана издеп кыйналууда

Turmush -  Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын Жумабеков көчөсүндө жайгашкан барак тибиндеги турак жайда 6 үй-бүлө турат. Алар мурда пайдаланып жүргөн даараткананы турак жайдын артында жашаган тургундар бекитип коюшкан.

Аталган жашоочулардын айтымында, өз короосунун алдына даараткана курууга бир кошунасы макулдук бербей койгон. Мындан улам алар турак үйдүн артындагы ажатканага барышчу.

«Бул тамда 6 үй-бүлө жашайт. Ажатканабыз жок. Беш күндөн бери ар кайсы жерге барып жатабыз. Кичинекей балдар эмес, чоң кишилер кыйналып кеттик. Мурда биздин тамдын артындагы дааратканага барчубуз. Бирок жаныбызда жашаган тургундар бекитип алып, киргизбей жатышат. Биздин көйгөйдү ким чечет? Кимге барарыбызды, кайрыларыбызды билбей жатабыз. Айыл өкмөткө айтсак, алар дагы келбей жатат.

Ажатканага ылайыктап жер казып койгонбуз. Жаныбыздагы кошунабыз даараткана курууга макул болбой жатат», - деди ал.

Ат-Башы айылынын тургуну Перизат Жусупова: «Жакшы жашоодо ажаткана жок деген сөз болбошу керек. Биз эмес, майда балдарга кыйын болду. Ар кайсы жерди булгап отуруп жатышат.
Биз даараткананы өзүбүзгө ылайыктап, тазалыгын карап курмакпыз. Жерди эле чечип берип коюшса жакшы болмок. Биздин артыбызда даараткана бар. Ал бардык тургундарга тиешелүү экен. Ошол жакка барчубуз. Ал аймакта жашагандар бекитип, бизди киргизбей жатышат», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×