Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 26.09.2019 21:00

Ат-Башыдагы окуучулар куткаруучулардын жашоосу менен таанышты

Turmush -  Ат-Башы районундагы окуучулар куткаруучулардын жашоосу менен таанышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, подполковник Нарынбек Мамбетаалы уулу билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрь күнү окуучулар үчүн ачык эшиктер күнү белгиленди. Тактап айтканда, ӨКМдин тобокелдикти азайтуу жана кырсыктардын алдын алуу боюнча 1 айлыгынын алкагында Ат-Башы айылындагы К.Мамбеталиев жана К.Акматаалы атындагы орто мектептеринин 4-6-класстарынын окуучулары Ат-Башы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 45-өрт куткаруу бөлүгүнө чакырылды. Алар куткаруучулардын күнүмдүк турмушу менен таанышты.

Ачык эшиктер күнүнө жалпы 4 мугалим жана 87 окуучу келген. Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар куткаруучулардын кесибине байланыштуу суроолоруна жооп алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×