Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 27.09.2019 09:20

Ат-Башыда майрам күнү жоголгон тургун табылбай жатат

Turmush -  Ат-Башы районунда дайынсыз болуп жаткан 77 жаштагы аялды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлери куткаруучулар менен бирге аталган аялды токойдон, суунун жээгинен, сарайлардан издешүүдө.

Маалыматка караганда, милицияга 31-август күнү Ак-Жар айылынын 1942-жылы туулган тургуну Ш.Б. дайынсыз жоголгону тууралуу билдирүү 10-сентябрь күнү түшкөн.

26-сентябрь күнү издөө иш-чараларын улантуу максатында Ат-Башы райондук №45 ӨКБдан 6 куткаруучу, ИИМден 7 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 2 адам тартылып, кеч киргендигине байланыштуу саат 17:30да убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес. Бүгүн, 27-сентябрда издөө иштери улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×