Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 27.09.2019 18:13

Ак-Моюнда күрөш боюнча ачык биринчилик жыйынтыкталды

Turmush -  Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында мектеп жашындагы балдар арасында күрөш боюнча Ак-Моюндун ачык биринчилиги облустук деңгээлде өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, күрөш мелдешине Нарын облусунун Кочкор, Нарын жана Ат-Башы райондорунун спортчулары катышты. 4-класстан 11-класска чейинки окуучулар 27 килограммдан 63 килограммга чейинки салмак категорияга бөлүнүп күч сынашты. Мелдешке Нарын облустук спорт башкармалыгы, айыл өкмөт, мектеп жана башкалар демөөрчүлүк кылышкан. Уюштуруучулардын айтымында, айыл жергесинде облустук деңгээлдеги биринчилик алгачкы жолу өтүп жатат.

Уюштуруучу Жайыл Жакшылык уулу: «Бул иш-чараны өткөрүп жатканыбыздын максаты — элеттин спортун көтөрүп, жаштарды спортко үндөө болуп саналат. Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиону болду. Кудай буюрса айыл ичинен дагы чемпиондор чыгат деген ишеним менен өткөрүп жатабыз», - деди.

Уюштуруучу Арстанбек Мокеш: «Айылда балдар машыга турчу спорт комплекс жок. Айыл өкмөттөн жер бөлүнүп берилген. Демөөрчүлөр чыкса курулуп калат деп үмүттөнүп турабыз», - деди.

Ак-Моюн айылынын тургуну Рахатбек Сапарбай уулу: «Спорт менен чоңойдук. Жаштарды көтөрүү үчүн баарыбыз биргеликте өткөрүп жатабыз. Демөөрчүлөр колдорунан келишинче колдоп жатышат, баарына ырахмат», - деди.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө медалдар, ардак грамоталар жана белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×