Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 30.09.2019 09:50

Ат-башылык баатыр эне Б.Бердигулованын түнкү уйкусун бузган жоокердин окуясы

Бүбүбатма Бердигулова
Бүбүбатма Бердигулова

Turmush -  Ат-Башы районунун чоң базары ачылгандан бери унаа токтотуучу жай иштеп келет. Мына ушул жерде Ат-Башынын тургуну Бүбүбатма Бердигулова талбай эмгектенип, 7 баланы​ тарбиялоого жетишкен. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Бүбүбатма Бердигулова 1954-жылы 7-январда Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылында туулган. Тикмечи кесибинин ээси.​ 1973-жылы Нарын шаарындагы №3 бала бакчада ашпозчу, кийин бала багуучу болгон.​

Аталган райондун Ат-Башы айылында​ 10-кварталга 10 жыл кварталдык комитеттин башчысы, 8 жыл электр тармактар ишканасында көзөмөлдөөчү болгон.​ Учурда пенсияга чыгып,​ жолдошу менен бакубат жашоо өткөрүүдө. Алардын​ ​ 2 кыз, 5 уулу жана 14 небереси бар.​

«Биз ат-башылыкпыз. Атам Ак-Талаа районуна​ мугалим болуп барып, таене, таятамдын үйүндө төрөлгөм. 2-3 жашка чыккандан кийин Калинин айылына келип туруп калдык.​ Нарын шаарындагы кесиптик лицейде тикмечинин окуусун окуп, Ат-Башыдагы комбинатта иштедим. Мектепте окуп жүргөндө эле чыгармачылыкка жакын болуп, ар кандай музыкалык ийримдерге катышчумун. Ырчы Жолдубай Кайыпов биздин мектепте окуду, ал киши бизге кыяк тартып берчү. Ырдоо боюнча Бишкек шаарына чейин барып, сынактарга катышып жүрдүм.

Мектепти бүткөндөн кийин Кара-Булуң деген айылга келин болдум. Ошондо 1973-жылы 25-январда баргам, 4 айдан кийин Нарынга көчүп кеттик.​ №3 бала бакчада ашпозчу болуп иштедим, андан кийин бала багуучу болдум», - деди ал.

Жолдошу экөө Торугартка барып, 5-6 жыл иштешкен. Ал жактан келгенден кийин килем токуп, мыкты кол өнөрчүлүгү үчүн гезиттерге байма-бай чыгып жүргөн.

«Жолдошум жол тейлөө ишканасында тракторист болуп ишке орношуп, Торугарт чек ара өткөрмө бекетинен кийинки деңиз деңгээлинен 3574 метр бийиктикте​ги Түз-Бел деген ашууда 6-5 жыл жашадык. Ал жактан дагы 3 балалуу болдук. Жалпы 6 балалуу болдук. Кийин 1 балабызга аба жакпай, төмөн жакка көчүп келдик.​ Ошондо Торугарт жол өтмөгү курулуп жаткан, мен ашпозчу, жолдошум күзөттө иштеди. Ал жакта иштеп жүрүп​ уулдуу болдук, атын Торугарт койдук. Бирок балага аба жакпай калды.
​ ​
1995-жылы Ат-Башыдан там сатып алып, отурукташып калдык. Ал жактан килем токуунун окуусун окуп, сынакты “5” деген баага тапшырдым. Ошол багыт менен жакшы иштеп, гезиттерге чыгып жүрдүм. 10-кварталга кварталдык комитеттин башчысы болуп 10 жыл иштедим, 8 жыл электр тармактар ишканасында көзөмөлдөөчү болдум. Азыр базарга чыгып, чоң унаа токтоочу жайда контролер болуп​ иштейм, кудайга шүгүр.​ Бакубат жашоо өткөрүп жатабыз. Балдарыбыздын баары жашоодо өз орундарын табышты, неберебиздин алды 25 жашка чыкты», - деди ал.

Б.Бердигулованын эсинен качып келген жоокер кетпейт.

«Түз-Белде жашап жүргөн кезибиз. Уктап жатканбыз. Терезе такылдап калды. Түнкү саат​ 02:00-03:00 болуптур, айдын жарыгы бар. “Ким?” дедим. “Мен жоокермин” деди. Таң калдым. Ачсам жапжаш жоокер, “Торугарттын заставасынан келе жатам” деди. “Ошол жерден ушул жерге чейин кантип келдиң, карышкырдан корккон жоксуңбу?” десем. “Жок, жарыкта келдим” деди. Аны киргизип, үстүн жылуулап жаап, чай жана дары бердим. Андан кийин жаткырып койдум. Эртең менен эрте турдум. Аңгычакты эле унаанын үнү​ угулуп калды, жоокер​ секирип турду. “Мени эптеп катыңыз, издеп келишти. Алып кетип калышат. Апа, мени бербеңиз” деди. Жашынтып койдум. Келген кишилерге жок дедик. “Торугарттан бери изди кууп келдик. Ачык айтып койгула. Карышкыр жеп кетти го деп сарсанаа болуп жатабыз” деди. Баланы жетелеп чыктым.

3 күндөн кийин баягы бала сыналгыдан сүйлөп жатыптыр. Оштун Курманжан датка айылынан экен. “9 бир тууганмын, апам каза болуп калган. Атам жоокерге барба десе, анын тилин укпай баргам. Торугарт өтмөгүнө барып, кызмат кылып жатканбыз. Улук жоокер жаңы келгендердин баарын кыйнаганда түнкү саат 22:00дө жашынып чыктым. Жөө жүрүп отуруп, чоң белди ашкандан кийин бир​ үйгө туш келдим”​ деди. Азыркы кезге чейин баланын ошондогу​ сүйлөгөнү көз алдымда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×