Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 30.09.2019 12:02

Төрөп алып, аскерге кеткен баласынан уялган эне, дарыгерге ишенбей банкрот болгон бейтаптар: А.Ногойбаеванын тажрыйбасы

Turmush -  Ат-башылык дарыгер Айнагүл Ногойбаева 49 жылдан бери саламаттыкты сактоо тармагында эмгектенип келе жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Айнагүл Ногойбаева 1950-жылы 20-сентябрда Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айылында туулган. 9 бир туугандын улуусу. Анын 3 кызы, 2 уулу, 11 небере, 1 чөбөрөсү бар.

«Ата-энемдин көзү өтүп кеткен. Талды-Суу айылындагы Мукай Элебаев атындагы орто мектебинин 10-классын бүтүп, Кыргыз мамлекеттик медициналык институтка бардым. Окуу жайды аяктаган соң эмгек жолум 1972-жылы Бишкек шаарындагы борбордук тез жардам бөлүмүндө башталды. Кызыгы, ошол жерде дарыгердин фамилиясы дагы Ногойбаева болчу. “Эки Ногойбаева чакырууга” дешчү. Андан соң Нарын облусуна акушер-гинеколог болуп барып, ал жерде 23 жыл иштедим. Облустук ооруканада иштеп жүргөндө 2 жолу Орук-Тамдагы тургундарга тик учак менен барып жардам көрсөттүк. Кийин Нарын райондук ооруканасына которулуп калдым. Ал жакта Ак-Сай, Арпа жайлоолоруна чейин барып, айылдарды кыдырып иштедик. 1993-жылы Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медицина борборуна келдим.

Жолдошум Кенжегары Тентимишов Нарын райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда 22 жыл башкы дарыгер болуп иштеди. Ал киши 2012-жылы жол кырсыктан каза болуп калды. Экөөбүз медициналык институттун даярдоо курсунда чогуу окудук. Ошол жактан таанышып, сүйлөшүп турмуш курдук. Ат-Башыга келин болуп келип калгам», - деди ал.

Айнагүл Ногойбаева облустук, райондук грамотага татып, «Саламаттыкты сактоонун отличниги», «КРдин ардактуу айымы» наамдарына ээ болгон.

«57 жаштагы бир аялды төрөткөм. Ал көз жаргандан кийин кызын карабай, эмиз десем, такыр эмизбей койду. “Эмнеге төрөйсүз, бериңиз анда мен багып алайын” дедим. Ошентип жатып араң дегенде эмизгенге көндүргөм. Ошол кезде 2 кабаттуу төрөт бөлүмү болчу. Абышкасы күндө “кемпир” деп келчү. Ал аял “үнүң өч” дечү. Мен деле ошондо жаш болчумун. Ошол киши мени “эже” дечү. Чоң баласы бар экен, ал аскерге кетиптир. Ал аял: “Балам 18 жашка чыкты, быйыл аскерден келет. Кайсы бетим менен төрөп алдым” деп уялды.

Быйыл жазында бир адам Нарындагы жугуштуу оорулар бөлүмүнө аллергия болуп келиптир. Чөп дары менен дарылоо боюнча элдик ыкманы айттым. Ошондон жакшы болуп, “канча күндөн бери айыга албай жүрдүм эле” деп жолугуп кеткен.

Бир жолу сифилис менен ооруган аялы менен күйөөсү келди. “Көрүп туруп эле ийне сайып беребиз” дедим. Дары алып кел десек аябай уялышты. Медайымдан алдырып, экөөнө тең ийне сайып кетирдик. Кайсы айыл экенин айтпай эле коеюн. Эртеси эртең менен экөө кайра келиптир. “Биз Бишкекке кетип баратабыз. Байкеме ооруп жатабыз деп айтсак, ал жаман оору батыраак келе калгыла, дарылатабыз” деди. Мен аларга “ал жакка барганда көп акчаң кетет. Колумдан келет, дарылап жатпаймынбы” дедим. Аялы менен күйөөсү “жок, такси келип калды, кетип баратабыз” деди. Мен “кийин өкүнүп калба” дедим. Негизи бейтапты кайра чакыртып анализ тапшыртып, айыкканын сурайбыз. Оорунун кээ бир формасы 3 жылга чейин каттоодо болот.

Кийин баягы аялы менен күйөөсүн чакырдым. Аялы экөө келди, “эже сиздин сөздү уксак болмок экен, биздин 15 000 сом акчабыз кетти” деп өкүндү», - деди ал.

Айнагүл Ногойбаева 15 жыл мурун жогорку категориядагы тери-венеролог дарыгери болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×