Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 01.10.2019 15:20 На русском

Айыл турмушу: Кол өнөрчү С.Сарыкожоеванын шырдактары 15 000 сомдон бааланат

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылынын тургуну Сүйүн Сарыкожоева 30 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Ал Улуттук көчмөндөр оюндарынын «Көчмөндөр кайрыктары» маданий иш-чарасында ала кийиз жасоону көрсөтүп берген.

Анын айтымында, 2018-жылы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында шырдак жасап, сынакка катышкан.

«2018-жылы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына шырдак жасап баргам. Ал эми алгачкы Улуттук көчмөндөр оюндарына ала кийиздердин түрүн жасап бардым. Негизинен көчмөн кыргыздар алгач ала кийиз жасап колдонушкан. Ал учурда көчүп-конуп жүргөнгө ыңгайлуу болуп тез жана жеңил жасалган. Бүгүнкү күндө ала кийизди көп жасабай калдык. Анткени шырдак баалуу болуп, ошону эле жасап жатабыз. Бирок ала кийиз дагы кыргыздын баалуу буюму. Муну да унутта калтырбай, кийинки муунга өткөрүп берүүбүз керек. Мен Таласта ала кийиздин жасалышын көрсөтүп бердим. Кызыккандар да көп болду. Кийизге сүрөт түшүрүп да жасайм», - дейт ал.

Кол өнөрчү айылдаштарына 500дөн ашык шырдактын оймосун оюп берген.

«Бала кезимден тарта кол өнөрчүлүккө жакын болдум. Анткени апам уз кши эле. Кол өнөрчүлүккө эмне тиешелүү болсо, баарын өзү жасап алчу. Анын жанында жүрүп мен да үйрөнүп алдым. Бул иш менен алектенип келе жатканыма 30 жылдан ашты. Боз үйдү көтөрөм, ичи-тышындагы бардык жабдыктарын, андан сырткары ала кийиз, шырдактын түрүн жасап, анын оюуларын дагы оюп берем. 30 жылдан бери айылдаштарыма эле беш жүздөн ашык шырдактардын оюсун оюп бердим.

Бала кезимде сүрөттү да жакшы тартчумун. Ал боюнча окубасам да ишимде колдонуп келем. Бул ишти кийинки муунга калтырып, үйрөтүп кетиш керек. Менин кыздарым да жасаганды билишет. Келиндерим жаш болгондуктан аларга үйрөтө элекмин. Бирок аябай кызыгып, жаныма келип жасалышын сурап турушат. Буюрса келиндериме да үйрөтөм», - дейт кол өнөрчү.

Анын шырдактары 15-16 миң сомдон жогору бааланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×