Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 07.10.2019 14:06

Ат-Башыда апийим чогултуп, акчалай сыйлыктарга ээ болгон Кыйма апанын жаштык күндөрү

Turmush -  Ат-Башы районунда жашаган 91 жаштагы апа сөз багып, илгерки адамдардын акыл-наасат сөздөрүн унутпай келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Кыйма Калчаева 1928-жылы Ат-Башы районундагы Жаңы-Күч айылында туулган. Мектепти бүтүп эле турмушка чыккан баатыр эненин 8 кыз, 2 уулу, 35 небере, 71 чөбөрөсү, 9 кыбырасы бар.

«Быйыл 91 жаштын тамагын ичип, кийимин кийип жатам. Өзүбүздүн айылда мектеп жок болгондуктан Жаңы-Күч айылынан Калинин айылына жөө барып окучубуз. Күн жааса “эртең эмнени киебиз” деген ой менен бут кийимибизди чечип көтөрүп алчубуз. Үйгө барганда бутубуз чымырап жатып басылчу. Ал кезде 7-класска чейин эле окучубуз. 18 жашымда Жаңы-Күч айылына келин болуп бардым. Жакшы кыз болсом, мени башка жакка бермек беле. Өзүбүздүн эле жерибизге беришти. 10 бала төрөдүм. Баары үйлүү-жайлуу, бала-чакалуу болушту», - деди ал .

Кыйма апа жаш кезинде 40 шырдак жасап, 2 боз үй көтөргөн.

«Жаш кезимде колхоздун жумушун жасадым. Эки боз үй, 40 шырдак жасадым десем эч ким ишенбейт. Бир эле кызыма 6 шырдак бердим, ошонун баары көкүрөгүмдө сакталуу. 8 кыздын баарына сеп даярдап бердим. Он бала деген оңой бекен, биринин эскисин бирине кийгиздим. Жүн ийрип, көйнөк, шым түйүп бердим. Ал кезде баары тартыш болчу. Кийин элге Кудай берип, кездеме чыкты. Өзүмдүн энем эртең менен:

«Эртең менен турсаңчы, бети-колуң жуусаңчы,
Дин төгүлөт мойнуңа, бейиш жатат колуңа.
Күн тийгиче жатсаңар, күнөөлөргө батсаңар,
Шайтан сиет мойнуңа, жатып кетет коюнуңа» деп айтчу. Ошондо шайтан мойнума сийип, анан коюнума жатып кеткени эмнеси деп, төшөктөн ыргып тура калчумун. Балдарымды дагы ушинтип тургузчумун. Аларга: «эртең менен эрте турсаңар, чачылып жаткан ырыскыдан кур калбайсыңар» дечүмүн. Анан дагы:
«Тек жүргөндү көргөнмүн, тек жүргөндүн баласы ток жүргөнүн көргөнмүн,
Шок жүргөндү көргөнмүн, шок жүргөндүн баласы жок жүргөнүн көргөнмүн.
Ууру кылбай, ушак айтпай, таман акы, маңдай териңер менен оокат кылгыла,
Урушпагыла, чабышпагыла, жылуу-жумшак жүргүлө» деп айтчумун. Кудайдын кулагы сүйүнсүн балдарымдын баары эстү.

Дарыланганым жок, ден соолугум жакшы. Жолдошумдун көзү тирүүсүндө жайлоого чыгып, кымыз ичип жүрчүбүз», - деди ал.

Баатыр эне жаш кезинде колхоздун бардык жумушун жасаган.

«Колхоздун коюн туудурчубуз, алардын жеригенин кантейин. Муштумдай таш чөнтөгүмдөн түшчү эмес. Себеби кой жеригенде тумшукка койчубуз. Ошондо мурду канап, кан козусунун жонуна тийчү. Анан козусунун жонун тили менен тазалап, эмизип калчу. Чөп чаптым, арпа ордум, чөмөлө салдым, кылбаганым калган жок. Эркектин жумушунун бардыгын жасадым. Апийимге чыкчубуз. Күнүнө 500 граммдан ашуун апийим алсак, 50 тыйындан сыйлык берчү. Аны дагы алып жүрдүк. Өзүм энем эрте каза болуп, өгөй эненин колунда калдым. Менден кийинки бир туугандарымды бактым», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×