Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 08.10.2019 13:58

Айыл турмушу: «Доктор Айболит» атка конгон Ж.Токторбаева жарым саатта 20 бээ саайт

Turmush -  Бала кезинен кара жумушка бышкан 37 жаштагы Жийдебүбү Токторбаева Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында жашайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жийдебүбү Токторбаева Баш-Кайыңды айылында туулган. Мектепти бүтүп, кесиптик окуу жайда окуп жатканда турмушка чыгып, андан ары окуусун уланта албай калган. Бирок азыркы жашоосуна ыраазы.

«Мектепти бүтүп, Нарын педагогикалык училищасынын дене тарбия факультетине тапшыргам. Турмушка чыгып, окуумду уланта албай калдым. Жолдошум экөөбүз Ак-Сай өрөөнүндө 8 жыл мал бактык. Андан бери дыйканчылык менен алекпиз. Өзүм 6 бир тууганмын, жолдошум дагы 6 бир тууган. Улуу балам 11-классты бүтүп жатат», - деди ал.

Жийдебүбү Токторбаеванын 2 кыз, 3 эркек баласы бар.

«Нарын шаарында студент болуп жүргөндө Баш-Кайыңды айылына келдим. Ошондо Ат-Башы айылына ала качып кетишти. «Боз салкын» деген тасмадагы каармандай эле бир күн кечке чыр салып, андан кийин отуруп калдым. Абысындарым: “Сен жаңы келгенде бизди көшөгөдөн тоголото тепкенсиң” дешет. Бир абысынымды жакалаган окшойм. Аны да айтып калышат. Ошондо үч теңтуш бала араң көйнөк кийгизип, жоолук салышкан. Азыр жолдошум мени окутпайт, иштетпейт. Баарын өзү камсыз кылат», - деди ал.

Ж.Токторбаева жарым саатта 20 бээ саайт.

«Айылдагы кыз-келиндерди чогултуп алып топ ойнойбуз. Тушоо тойлордо 1-2-орундарды бербейм. Кыз куумайга түшөм, ат минем. 3-класстан баштап уй саап, камыр жуурудум. 5-классымдан баштап бээ саадым. Азыр жарым саатта 20 бээ саайм. Кара жумушка бышкам. Ата-энем жайлоого чыгышчу. 4 кыз тең окуган жокпуз.

Аялдар менен иштешем, жаш келиндерге акыл-наасаттарымды айтам. Адам ооруса деле, мал ооруса деле чакыра беришет. Кичинекей балдарды карап, жүрөгүн көтөрүп берем. Кошуналар “Доктор Айтолитсиң” деп күлө беришет. Саанчы болуп да иштеп жүрөм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×