Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 09.10.2019 11:45

Ача-Кайыңдыдагы ача жолго Ж.Акуновдун ысымы берилди

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылынын кире беришиндеги ача жолго Жолдубай Акуновдун ысымы берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жолго Жолдубай Акуновдун ысымын берүү демилгеси айыл эли, Жолдубай Акуновдун үй-бүлөсү тарабынан көтөрүлүп, айыл өкмөт башчысы жана айылдык кеңештин депутаттар колдоп беришкен. Иш-чарага айыл тургундары, айыл өкмөт башчысы, депутаттар, ЖКнын депутаты Алмазбек Баатырбеков жана Жолдубай Акуновдун үй-бүлөсү катышты. Алгач маркумдун арбагына багышталып куран окулуп, анын жасап кеткен иштери айтылды. Андан кийин ача жолго Жолдубай Акуновдун аты-жөнү жазылган тактанын кызыл тасмасы кесилди. Мындан сырткары тургундар айылдын аталышы Ача-Кайыңды болуп жаткандыктан кире беришке кайың тигүүнү сунушташты.

Иш-чарага келгендердин айтымында, мурда бул жолдо кырсыктар көп болгон. Себеби жолдун айыл тарабындагы жери бийик болгондуктан жогору тараптан келе жаткан унаанын айдоочусу төмөн жактагы унааны көрбөй калчу. Ошондуктан Жолдубай Акунов кырсыктардын алдын алуу үчүн жолду экиге бөлүп, ача жол кылып салган.

Аны эскерген кесиптештери өз ишин мыкты билген, ишине так, жоопкерчиликтүү, бой көтөрбөгөн жакшы адам экендигин айтышты.

Жолдубай Акунов 1951-жылы 10-мартта Ат-Башы айылында туулган. Мектепти аяктап, Фрунзе шаарындагы Политехникалык институттун Ош облусундагы филиалынын жол курулуш инженери факультетин бүткөн. 1972-жылы советтик армиянын катарында кызмат өтөп келгенден кийин, 1983-жылга чейин Тянь-Шань жол тейлөө мекемесинде жол мастери, башкы инженер, 1983-1991-жылдары Ат-Башы райондук жол тейлөө мекемесинин жетекчиси, 1991-1997-жылдары №20 жол тейлөө мекемесинде, Ат-Башы жол тейлөө мекемесинде жол мастери кызматтарын аркалап келген. 1997-жылы №957 жол тейлөө ишканасында бригадир, жол мастери болуп иштеген. 2012-жылдан өмүрүнүн акырына чейин ушул мекеменин башкы инженерлик кызматын аркалаган.

Ак эмгеги бааланып, КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Нарын облустук тармактык жетекчилигинин ардак грамоталары менен сыйланган. Айылдык кеңешке 3 жолу депутаттыкка шайланган. 2010-жылдын жыйынтыгы менен Ат-Башы району боюнча «Жылдын мыкты жол кызматкери» номинациясына татыктуу болгон.

Жолдубай Акунов 2012-жылы 16-январда каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×