Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 10.10.2019 10:43 Жаңыланды: 11.10.2019 15:45 На русском

Айыл турмушу: Кол өнөрчүлүктү киреше булагына айландырган Т.Асекова

Turmush -  67 жаштагы Турдубүбү Асекова кол өнөрчүлүктү киреше булагына айландырган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Турдубүбү Асекова 1952-жылы 5-ноябрда Ат-Башы айылында туулган. Мектепти бүтүп, азыркы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин 1974-жылы аяктаган. Ат-Башы айылына келип, ошол кездеги мектеп-интернатта орус жана француз тилинен мугалим болуп 35 жыл иштеген. Пенсияга чыккандан кийин кол өнөрчүлүк менен алектенип баштаган. Учурда кыргыз буюмдарын жасап, эл аралык фестивалдарга чейин катышып жүрөт. Шырдак, боз үйдөн башка 12 түлкүнүн терисин бириктирип, түлкү чапан жасаган.

«Жогорку окуу жайды аяктап, Ат-Башы айылындагы мектеп-интернатында иштеп баштадым. Ал кезде тандоо жолу аркылуу жумушка алышчу. Себеби ал жакта жалаң чабандардын, жарым жартылай жетим балдар, тоголок жетим балдар окугандыктан бизди балдарды ата-эне катарында кабыл алып, окутушу керек дешчү. 1975-жылы мектепке кирип, 2006-жылы ошол мектептен 48 жашымда пенсияга чыгып кеттим. Адистигим филолог. Ошол кесип менен бир гана мектепте 35 жыл эмгек өтөдүм», - деди ал.

Ардагер мугалимдин 3 уулу, 3 кызы, 12 небере, 1 чөбөрөсү бар.

«Балдарымдын баары жогорку билимдүү, баары экиден институтту бүткөн. Баары мамлекеттик кызматта иштешет.

Пенсияга чыккандан баштап, бекер отурбай улуттук колориттеги буюм-тайымдарды жасап, кийинки өсүп келе жаткан жаштарга үйрөтүүнү максаты кылдым. Биринчиден ,хоббим катары эле жасап, башкаларга белек кылып, үйгө пайдаланып жүрдүм. Кийин ушул өнөрдөн пайда түшөрүн билгенден соң өркүндөттүм. Алгач буйрутма менен иштеп жүрдүм. Кийин «Алтын чөйчөк уздары» ассоциациясына киргенден кийин жаш келиндерди 1 жылдап колубуздан келишинче үйрөттүм. Жип ийригенди, жүндү тандаганды, кийизди өздөштүргөндү үйрөттүм. Азыр устатынан шакирти өтөт болуп, алар менден жакшы билишет. Учурда 2 топто 20 адам кол өнөрчүлүк менен иштешет. Баарыбыз бир жерде иштей албагандыктан үйлөрүндө алектенишет. Материалдарды үйлөрүнө жеткирип берип, көрсөтүп туруу үчүн унаа керек болот экен. Ошон үчүн өзүмө унаа алгам. Азыр менин оюмча, ал келиндер жумуш менен камсыз болгонуна нааразы болбойт болушу керек. Кээде келген буйрутмаларды талашып дагы калышат. «Эже менин шартымды көрүп жатпайсызбы» дешет. Алар жасаган ишине жараша айлык алышат. Болжол менен 7000 сом болот.

Иш орундарын дагы көбөйтөйүн деген оюм бар. Эгер буйрутмалар сырт жактан көбүрөөк келсе, көп жумушчу алууга туура келет. Көпчүлүк убакытта сырт жак менен түз иштешебиз. Россия, Дания, Алмата, Америка менен түз иштешкенбиз. Азыр планда Япония менен иштешүү болуп жатат», - деди ал.

Кол өнөрчү президенттин, Билим берүү министрлигинин грамотасы менен сыйланып, «Эл агартуунун отличниги» наамына татыган.

«Оймо эл аралык фестивалына 13 жылдан бери катышам. Дайыма сертификат, дипломдорду алып, ал жерден мастер-класс көрсөтүп, кызыккандарга шырдактын жасоо эрежелерин айтып жүрөбүз. Буга чейин Россияга Нооруз майрамына карата барганбыз. Ал жерден боз үйдүн жасалышын, кыргыз айымдарынын жумуштарын көргөзүп бергенбиз. 2012-жылы шырдак фестивалынан баш байгени жеңип алгам. Көп эле элдин ыраазычылыгын алып жүрөбүз», - деди ал.

Кол өнөрчү кыргыз шырдагынын келечеги жөнүндө айтып берди.

«Шырдак колубузда болгон үчүн баркын билбей жатабыз. Биринчиден кол эмгек, экинчиден кийиздин адамга тийгизген таасири күчтүү экен. Чет мамлекеттер ошонун пайдасын билгендиктен кызыкдар болуп жатышат. Жашы өтүп калган чет өлкөлүктөр кичинекей кийизди бутуна эле койгонго ылайыктап алышат. Кийиз жаман энергияны сиңирип алат экен. Чет мамлекетте бизге окшоп кызыл-тазылды көп баалабайт. Бул кызылдар көзгө зыян дешет экен.

Эки жылдан бери сепке деп шырдак жасаткандар көбөйдү. Демек шырдактын баалуулугун түшүнүштү. Мындан тышкары кыргыз айымдары боз үйдү абдан аздектеп жасап калышты. Боз үйгө деп тегерек шырдактарга көп буйрутма беришет. Ошол убакыттарда келиндер үлгүрбөй калат. Андайда баарыбыз чогулуп иштей калабыз», - деди ал.

Кол өнөрчү бош боло калганда китеп окуганды жакшы көрөт

«Кээде өкүнүп кетем. Мисалы, кооз, майда буюмдарды жасаганды үйрөнсөм болмок экен деп калам. Азыр дагы кеч эмес, бирок атайын окуп келиш керек. Интернеттен көрсө деле болот, бирок жандуу үйрөнмөйүнчө окшошпойт.

Китеп окуганга убактым болбойт. Бош боло калсам эле Ч.Айтматовдун чыгармаларын, Шайлообек Дүйшеевдин «Агындылар» деген чыгармасын көп жолу кайталап окуйм. Анткени өз жашоосундагы агындыларды жөнөкөй, жалпак тил менен жазып койгон», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×