Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 10.10.2019 20:12

Ат-Башыда «Бир адамдан бир китеп» долбоору старт алат

Ат-Башы району
Ат-Башы району

Turmush -  16-октябрдан тарта Ат-Башы районунда «Бир адамдан бир китеп» долбоору старт алат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга иш-чаранын уюштуруучусу Кошой Мөндүрбаев билдирди.

«Бул долбоор Ат-Башы районундагы Жаңы-Күч айылында башталды. Ар бирибиз китеп берип, жаркын келечекке салым кошолу. Бул долбоордун негизги максаты — мекенибизде китеп окууну даңазалоо, руханий, интеллектуалдык потенциалды жогорулатуу, шаар, регион, алыскы айылдарда китеп жетишсиздиги жана китепкана көйгөйлөрүн чечүү. Аздан болсо да билимге инвестиция жасоого багытталат. Бул долбоорго ар бир мекендешибиз катыша алат», - деди ал.

Долбоордун соңунда «Эң мыкты китепкана», «Эң алдыңкы окурман айыл», «Мыкты уюштуруучулар» номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлоо аземи өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×