Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 10.10.2019 14:53

Ат-Башыдагы жаш ойлоп тапкычтар материалдарга муктаж

Turmush -  Ат-Башы районундагы балдарга билим берүү борборунун жаш техник ийриминин окуучулары кыймылдаган роботторду жасоого ынтызар болушууда.

Бул ийрим ачылгандан бери курама оюнчуктарды жасоого материалдар жетишсиз болуп келет. Окуучулар ага карабастан ар кандай сынактарга катышып, ийгилик жаратышууда.

«Маалыматтык техниканын кылымында жашап жатабыз. Келечекте биздин жашообузга роботтор келет. Өнүккөн мамлекеттерде ар кандай жумуштарды роботтор аткарып жатат. Биздин өлкөнүн жаштары дагы роботторду жасоону азыртадан башташса, мамлекетке салым кошушар эле.

Окуучуларга роботтордун жасалышын үйрөткөнүбүз менен кыймылга келген роботту жасай албай жатабыз. Ошол роботторду кыймылга келтирип, бир робот менен экинчи роботтун мелдешин курууга биздин мүмкүнчүлүк жок болуп жатат. Биз болгону элестетүү менен гана куруп жатабыз. Датчиктер жок болуп жатат. Колдо бар аз датчиктер менен курап жатышат. Бирок жетишсиз. Ушул багытта атайын окуп келгенден кийин кыргыз патентке барып, кайрылуу жолдогонбуз. Жардам болуп калабы деген үмүтүбүз бар. Окуучуларды «тиешелүү материалдарга жетсек, силер кыймылдаган роботторду жасайсыңар» деп үмүттөндүрүп келе жатам. Окуучулар ынтызар болуп жатышат», - деп билдирди мугалим Гүлжамал Шаршенова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×