Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 11.10.2019 17:26

Ат-Башыда көмүр канча сомдон сатылууда?

Turmush -  Нарын облусуна суук түшүп, элдер кышка камылга көрө баштаган убак. Жергиликтүү тургундар сатылып жаткан көмүрдүн сапаты начар экендигин айтышууда.

Турук көмүр кенине каттап, көмүр ташыган Ат-Башы айылынын тургуну Нурбек Жунусов төмөнкүлөрдү билдирди.

«Көмүргө 12 жолу барып келдим. Сапаты начарыраак болуп жатат. Упуранып жатат. Тоннасы 3500 сомдон, дүң баасы 3200 сом. Элдер алып башташты. Кара-Кечеде көмүр жок болуп кезекке тургандар көп деп жатышат. Ошондон улам көмүрдүн баасы кымбаттап кетиши мүмкүн. Турук көмүр кенинде дагы кээде бир күн жатып калып жатабыз. Ал жакта дагы кезек күткөндөр көп», - деди ал.

Ат-Башы айылынын тургуну Элчи Жаныбеков: «Туруктан тартып келген биринчи көмүрлөр начар деп жатышат. 3500 сомдон алдык. Кымбаттап кете электе алалы дедик. Өткөн жылы деле ушундай эле баада алганбыз. Кээ бирлери кымбаттап кеткенде алышкан эле», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×