Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 14.10.2019 10:02

Ат-Башыда улгайган адамдарга сый көрсөтүлдү (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунда улгайган адамдарга кам көрүүнүн бир айлыгынын алкагында атайын иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга акимдин орун басары Ажар Дюшеналиева билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага жалпы 63 адам чакырылды.

«Социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан 43 адам чакырылды. Ат-Башы райондук администрация жана айыл өкмөттөр тарабынан чакырылган 20 адам келди. Аларга ардак грамота жана баалуу белектер тапшырылып, маданият кызматкерлери тарабынан ыр-күүлөр тартууланды», - деди ал.

Иш-чаранын соңунда райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан сый тамак уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×