Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 15.10.2019 11:29

Ат-Башыда баш байгеге унаа коюлган улак тартыштын жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Ат-Башы районунда ат оюндары боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Талды-Суу айыл аймагынын башчысы Улан Бердигулов билдирди.

Анын айтымында, улак тартыш боюнча мелдешке жалпы 9 команда катышты.

«Оюндун жыйынтыгында Баш-Кайыңды айылынан келген «Чоң-Дөбө» командасы жеңишке жетип, баш байгеге коюлган «Жигули» унаасына ээ болду. 2-орунду Биринчи май айылынын «Богошту» командасы ээлеп, 10 миң сом менен сыйланды. 3-орунга Ача-Кайыңды айылынан келген команда татыктуу болуп, 5 миң сом менен сыйланса, 4-орунду алган Дыйкан айылынын командасы 3 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду.

Мындан тышкары тай чабыш, кунан чабыш, жорго салыш, күлүк чабыш боюнча мелдештер өттү. Соңунда 9 мыкты оюнчу жана мыкты улакчы аныкталып, аларга сыйлыктар тапшырылды.

Оюнга Талды-Суу айылынан Улан Үсөн уулу, Биринчи май айылынан Эрнист Байматов, Улан уулу Нарбек, Өзгөрүш айылынан Алишер Исаев, Окен уулу Максат демөөрчү болушту», - деди Улан Бердигулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×