Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 16.10.2019 10:12

Ат-Башыда «Бал фестивалы-2019» өтөт

Turmush -  2019-жылдын 18-октябрында Нарын облусунун Ат-Башы районунун борбордук аянтында «Бал фестивалы-2019» аталышындагы эл аралык фестиваль өтөт. Бул тууралуу Ат-Башы райондук администрациясы билдирди.

Фестиваль өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын «Балчылар» ассоциациясынын биргелешкен аракети менен уюштурулуп жатат.

Иш-чаранын максаты — кыргыз балынын касиеттерин даңазалоо менен дүйнөлүк экспортко чыгарууга шарт түзүү.

Фестивалдын алкагында ишкерлер форуму, аарыдан алынган азыктардын жармаңкеси жана кароо-сынак өтүп, концерттик программа менен коштолот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×