Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 16.10.2019 14:10

Ат-Башыдагы пенсионерлердин арманы

Turmush -  Ат-Башы районунда жашаган пенсионерлер алган пенсиясы эч нерсеге жетпей жатканын билдиришти.

Учурда Ат-Башы району боюнча 10 810 пенсионер бар. Анын ичинен 760 пенсионер багуучу адамдан ажырагандыгы, 1340 пенсионер майыптуулугу, 23 адам аскер кызматкерлерине тиешелүү мыйзам боюнча пенсияга чыккан. Ал эми калган пенсионерлерге жашы боюнча чектелген.

Ат-Башы райондук социалдык фонд башкармалыгынын пенсия чектөө бөлүмүнүн башчысы Рахаткүл Асаналиева: «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруунун мыйзамына ылайык, жарандар 45 жана 55 жаштан пенсияга чыгышат. Эркектер 20 жыл бийик тоолуу шартта иштесе 55 жаштан, ал эми аялдар 15 жыл бийик тоолуу шартта иштеп, 3 баласы болсо жана ошол эле учурда үчүнчү баласы 8 жашка толсо, 45 жаштан пенсияга чыга алышат», - деди.

Ат-Башы айылынын 67 жаштагы тургуну Турдубүбү Асекова тиешелүү органдарга пенсияны эмгекти баалап, адилеттүүлүк менен чектеп берүү боюнча кайрылып, бирок жооп ала албай келет.

«Алган пенсиямдын көлөмү 9000 сомдун тегереги болот. Ушул боюнча көп жерге кайрылдым. Бирок жооп болгон жок. Себеби, эмгек китепчесин жасатып алгандар өмүр бою иштеп, эл үчүн кызмат кылгандар менен тең акча алышууда. Биз бир эле учурда көп жумуш аткардык. Колхоздо дагы иштедик. Ар биринин эмгегин баалап, пенсияны туура чектеп коюшса болмок», - деди ал.

Ат-Башы районунда жашаган баатыр эне Камбарбүбү Иманалиева: «8200 сом алчумун. Бүгүн 8500 сомдун тегерегинде алдым. Себеби Карылар күнүнө деп акча кошушуптур. Ооруканада кенже кызматкер болуп 20 жыл иштегем, баатыр энемин. Биз убагында ооруканада дагы, колхоздун дагы жумушунда иштедик. Бирок пенсияны жакшы карабай жатышат. Эмгекти баалап, акчаны жакшы кошуп коюшса болмок», - деди.

Ат-Башы районунун тургуну Жаңылбүбү Касмалиева: «Пенсия боюнча нааразычылык бар. Жылда эле Карылар күнүндө пенсиянын үстүнө акча кошулат. Бул жолу чалым экөөбүздүн акчабыз биригип, 12 440 сом болуптур. Бир киши ушундай акча алса жыргабайбызбы», - деди.

Ат-Башы районунун тургуну Азиза Дөкөева: «Төрөт бөлүмүндө 24 жыл кенже кызматкер болуп иштептирмин. 7 баланы төрөдүм. 74 жашка чыктым. Азыр 6200 сом алам. Бул дарыга жетпей калат. Кечээ күнү эле ооруканадан келдим. Боорум ооруйт. Анын анализи, дарысы дагы кымбат экен», - деди.

Ат-Башы районунун тургуну Зууракан Казакова: «17 жылдык эмгек стаж менен 6000 сом алам. Ал эч нерсеге жетпейт. Ай сайын карызга жазылып, дүкөндөргө төгүп беребиз. Баары кымбаттады. Пенсия кекиртектен, дарыдан ашпайт», - деди.

Ат-Башы районунун тургуну Кымбат Орозоева: «Мурда 7000 сом пенсия алчумун. 27 жылдык эмгек стаж менен чыктым. Азыр 300 сом кошулуптур. Жакында эле дарыланып келдим, ага 2 айлык пенсия короду», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×