Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 18.10.2019 11:58 Жаңыланды: 07.11.2019 22:10

Эгиздер: Рахман менен Рахимди апасы үнүнөн таанычу (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургуну Жаңылсын Камиева Рахман жана Рахим аттуу эгиз уулдары тууралуу айтып берди. Анын айтымында, ал эгиз уулдарын 20 жашында төрөгөн.

«Рахман менен Рахим 1998-жылдын 10-сентябрында жарык дүйнөгө келишти. Экөө тең 2 килограмм 200 грамм салмакта төрөлдү. Кош бойлуу кезимде эгиз экенин өзүм деле билген эмесмин. Алты ай болгондо гана УЗИге түшүп, эгиз экенин укканда абдан сүйүнгөм.

Аттарын чоң атасы койгон. Куран "Бисмилляхи Рахмани Рахим" деп башталгандыктан уулдарым ырайымдуу жана боорукер болсун деген ниетте ушундай аттарды ыйгарган экен. Рахман токтоо, көп сүйлөбөйт. Сабырдуу жана боорукер. Рахим болсо ак көңүл, өжөр, иштерман. Кичинекей кезинде аларды үнүнөн таанып койчумун. Эгиз балдарды чоңойтуу кыйын. Анткени бири ооруп калса, экинчиси сөзсүз ооруйт. Алар 6 жашка чыкканда кичүү уулум Азаматты төрөдүм», - дейт Жаңылсын Камиева.

Анын айтымында, учурда эгиз уулдары студент болушту.

«Мугалимдери мектепти бүткүчө эле аларды айырмалай алышкан жок. Рахман аскер адамы болду. Учурда Ала-Бука районундагы чек ара бөлүмүндө кызмат өтөп жатат. Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин экономика факультетинде сырттан окуйт. Рахим ошол эле университеттин гидроэнергетика факультетинде 3-курста окуйт. Андан сырткары улуттук стилдеги азем белектерди жасаган цехте иштейт. Окуусунун акысын өздөрү табышат. Колумдан келишинче жардам берем», - деди эгиздердин апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×