Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 20.10.2019 08:02

Россиялык журналист иш сапар менен Баткенге келди

Turmush -  Россиядагы белгилүү гезиттин редактору Дмитрий Евлашков Баткен облусуна жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, ал журналисттер, активисттер жана мекеме-ишканалардын кызматкерлери менен жолугушту. Жыйында ал өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча маалымат берип, алардын басылмасы Орто Азия мамлекеттериндеги окуяларга тыкыр көз салып турарын белгиледи. Ал эми өзү Кыргызстандын аймагында иштеп жатканына 17 жылдын жүзү болду. Жолугушууга облус башчысы Акрам Мадумаров да катышып, эки тараптын медиа жаатында тажрыйба алмашуусу маанилүү экенин баса белгилеп, кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар экенин айтты.

Дмитрий Евлашков Баткен жергесинде төрөлгөн. Ал Баткенге болгон сапарынын алкагында Кызыл-Кыя шаарына жана Кадамжай районуна да барды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×