Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 20.10.2019 06:00

Пенсияга чыгуучу адамдар кандай документтерди тапшырышы керек?

Turmush -  Пенсияга чыгуучу адамдар тиешелүү документтерин мамлекеттик органдарга 6 ай мурда келип тапшыра алышат. Бул тууралуу Ат-Башы райондук социалдык фонд башкармалыгынын пенсия чектөө бөлүмүнүн жетекчиси Рахатгүл Асаналиева билдирди.

«2019-жылдын 1-январынан баштап пенсияга документтерди кабыл алууну 6 ай мурун жүргүзө баштадык. Биринчи талап кылуучу документтер – паспорт, эмгек китепчеси, 1996-жылга чейинки архивдик маалымат. Эркек кишилерде диплому (бар болсо), аскердик билети, аялдарда балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болушу керек. Эгерде колунда документтери толук болбосо биз жардам кылып, алыстагы архивдерден алдырып беребиз же балдарынын документтеринин катачылыктарын оңдоп, толуктап беребиз.

Жыл башынан бери айыл өкмөттөр, калкты тейлөө мекемелери менен келишимдер түзүлгөн. Алар биз кандай маалымат сурасак жооп берет. Ошондуктан 6 ай мурун тапшырылган документтерди карап, толуктап жөнөтөбүз. Пенсиялык майзамга ушундай жаңылануу киргизилген», - деди адис.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×