Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 22.10.2019 09:29 На русском

Сүрөт — Ат-Башыда бал фестивалынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Turmush -  Ат-Башынын ак балы Украинада, Түркияда жана Түштүк Кореяда өткөрүлгөн дүйнөлүк кароо-сынактарда удаасы менен үч жолу алтын медалдарга татыктуу болгон. Жакында эле Ат-Башыда эл аралык бал фестивалы өткөрүлүп, анда ак балга туристтер тарабынан жогорку баа берилди.

Эл аралык бал фестивалынын башкы максаты — тоо балын экспортко чыгарууну шарттоо болуп саналат.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын «Балчылар» ассоциациясы жана «Бал аары холдинг компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан уюштурулду.

Фестивалдын программасында аарыдан алынган азык-түлүктөрдүн жармаңкеси жана кароо-сынагы камтылып, концерттик программа менен коштолду. Ошондой эле бизнес-форум өткөрүлүп, өлкөбүздө аары азыктарын өндүрүү багытындагы долбоорлор презентацияланды. Мындан соң бал азыктарын экспорттоодогу көйгөйлүү маселелер талкууланды. Негизги көйгөй катары бал өндүрүүчүлөр тууралуу мыйзамга өзгөртүү, толуктоо киргизүү зарылдыгы, дүйнөлүк суроо-талапка жооп бергидей сапаттагы бал өндүрүү аракетин көрүү, бал өндүрүүчүлөрдүн билим деңгээлин көтөрүү, бул багытта өкмөттүк программалар керектиги тууралуу маселелер айтылды.

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов, «Бал аарычылар» ассоциациясынын төрагасы Жакшылык Дүйшөналиев, «Бал аары холдинг компаниясы» ЖЧКнын жетекчиси Айжан Кулмамбетова жана башкалар балчылыкты өнүктүрүү багытындагы иштерге токтолуп өтүштү.

18-октябрда өткөрүлгөн иш-чарадагы кароо-сынактардын жыйынтыгы чыгарылып, «Мыкты ак бал» аталышындагы сыйлыкка Нарын облусунун «Нарын уюк» коомдук бирикмеси, «Мыкты тоо балы» сыйлыгына «Бал аары холдинг компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коому, ал эми «Мыкты микс» сыйлыгына Ысык-Көл облусунун «Нектар» коомдук бирикмеси татыктуу болду. Ошондой эле Талас, Жалал-Абад, Ош, Чүй облустарынан, Нарын шаарынан жана Кочкор районунан келип катышкан коомдук бирикмелер да кызыктыруучу сыйлыктарга жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ардак грамоталарына ээ болушту.

Кыргызстанда 2000 тоннадан ашык бал өндүрүлүп, 30дан ашык мамлекеттерге экспорттолот. Адистердин айтымында, Бириккен Араб Эмиратында бир кг балдын баасы 16 доллардан жогору турат.

Учурда Кыргызстанда каттоодон өткөн 16 бал өндүргөн бирикме бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×